№949 11-17-февраль, 2021-ж.
Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын коргоочусу, белгилүү футболчу Азамат Байматов Бишкектин “Алга” футболдук клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайты жарыялады.
Маалыматка караганда, футболчу менен келишим 1 жылга түзүлүп, клубда ал 7-номерде ойнойт. Коргоочу командага кошулуп, жаңы сезонго даярдана баштады.
31 жаштагы Азамат Байматов былтыркы сезонду Малайзиянын “Куала Лумпур” футболдук клубунда өткөргөн.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |