Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№950 18-24-февраль, 2021-ж.

  1. МАЙДА ПИЦЦАЛАР

  2. Пиццаны даярдоонун жүздөгөн түрү бар. Бул санда дайымкы даярдалып жүргөн эмес, өзгөчө жасалган майда пиццаларга токтолдук. Мындай түрлөрү жаш балдарга эле эмес, чоңдорго да жагып, аларды “вау” деттирет.

  3. РУЛЕТ ПИЦЦАСЫ

  4. Керектелүүчү азыктар:

    Каттама камыр (ачытылбаган) – 300 грамм

    Пицца соусу – 50 грамм

    Ышталган колбаса – 150 грамм

    Болгар калемпири – 1 даана

    Туздалган бадыраң – 1 даана

    Катуу сыр сорту – 150 грамм

    Даярдоо ыкмасы:

    Каттама камырды 0,5 сантиметр калыңдыкта жаябыз. Анын үстүнө соусту куюп, аягына жеткизбей сүйкөйбүз. Бетине жука тилинген колбасаны тизип, ичке тууралган болгар калемпири менен сүргүчтөн өткөн сырды себелейбиз. Эми камырды рулет сымал ороп, 1,5 сантиметр бөлүктөргө бөлөбүз. Майланган табага пиццаларды аралыгын ачып салып, 180 градус ысып турган электр мешине 20 мүнөт бышырабыз. Кытыраган рулет пиццабыз даяр!

  5. МИНИ ПИЦЦА

  6. Керектелүүчү азыктар:

    Камыры үчүн:

    Ун – 400 грамм

    Суу – 100 грамм

    Сүт – 50 грамм

    Ачыткы – 5 грамм

    Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

    Туз – 1 чай кашык

    Кумшекер – 1 аш кашык

    Пицца соусу – 50 грамм

    Сууга бышкан тоок эти – 200 грамм

    Консерваланган ананас – 100 грамм

    Катуу сыр сорту – 200 грамм

    Даярдоо ыкмасы:

    Биринчи камырын даярдап алабыз. Жылуу сууга туз, кумшекер, ачыткыны салып аралаштырып, ага жылуу сүттү, өсүмдүк майын кошобуз. Эленген ундун үстүнө аралашманы куюп, жумшак камыр жууруп, үстүн жаап, көтөрүлгөнчө күтөбүз. Камыр ачыган соң майда бөлүктөргө бөлүп, тоголоктоп баарын бир сантиметр калыңдыкта тегерек кылып жаябыз. Жайылган камырларга соусту сүйкөп, чарчы тууралган сууга бышкан тоок эти менен консерваланган ананасты салып, үстүнө сүргүчтөн өткөн сырды себелейбиз. Майланган табага пиццаларды салып, 180 градус ысып турган электр мешине 20 мүнөт бышырабыз.

    Каалооңузга жараша помидор, куурулган козу карын, зайтун кошулган түрлөрүн жасасаңыз да болот.

  7. КОНУС ПИЦЦАСЫ

  8. Керектелүүчү азыктар:

    Камыры үчүн:

    Ун – 300 грамм

    Суу – 100 грамм

    Жумуртка – 1 даана

    Туз – 0,5 чай кашык

    Кумшекер – 0,5 чай кашык

    Пицца соусу – 50 грамм

    Колбаса (охотничий) – 150 грамм

    Кызыл пияз – кичирээк 1 баш

    Болгар калемпири – 1 даана

    Катуу сыр сорту – 150 грамм

    Даярдоо ыкмасы:

    Камырын даярдоо үчүн биринчи жылуу сууга туз менен кумшекерди салып, эленген унга куябыз. Үстүнө бир жумуртканы чегип, катуу камыр жууруйбуз. Он мүнөт тыныктырып, кайра ийлеп алып, аны 0,5 сантиметр калыңдыкта жаябыз. Эми камырды кичирээк үч бурчтуктарга бөлүп, чекелерин бекитип кулёктун формасына келтиребиз. Аларды майланган табага салып, ысып турган электр мешинде 10 мүнөт бышырабыз.

    Пиццанын ичине салынчу туурамжы үчүн колбасаны жука, пияз менен болгар калемпирин ичке туурайбыз. Бышкан кулёкторго биринчи соустан бир аз куюп, үстүнө пияз, колбаса, калемпирди салып, дагы соустан куюп, аягында сүргүчтөн өткөн сырды себелейбиз. Толтурулган пиццаны кайрадан табага салып, ысып турган электр мешине 5 мүнөт бышырабыз. Конус пиццасы даяр!

  9. ПИЦЦА ҮЧҮН СОУСТУН БИР ТҮРҮ

  10. Керектелүүчү азыктар:

    Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

    Пияз – бир баш

    Сарымсак – 2 тишче

    Туз – 0,5 чай кашык

    Кумшекер – 0,5 чай кашык

    Орегано – 0,5 чай кашык

    Кара мурч – татымына жараша

    Томат пастасы – 5 аш кашык

    Суу – 100 грамм

    Даярдоо ыкмасы:

    Табадагы ысып турган майга майда тууралган пияз менен сарымсакты салып, кызарта кууруйбуз. Үстүнө туз, кумшекер, орегано, кара мурч себелейбиз да, томат пастасы менен сууну кошуп аралаштырабыз. Кайнагандан кийин жай отто 10 мүнөт бышырабыз. Түбүнө күйбөшү үчүн бат-бат аралаштырып туруңуз. Бул соусту жогоруда жазылган пиццалар үчүн колдонсоңуз болот.

  11. Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(2)
22.02.2021. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соусту созсуз жазап корбосом. Пиццага кетчуп, майенез аралаштырып соус кылчумун да.
23.02.2021. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соусту кандай жасайт экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо