КИНО КӨРҮҮНҮН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

№950 18-24-февраль, 2021-ж.

Көптөгөн үй-бүлөлөр чогуу убакыт өткөрүп, сүйүктүү кинолорун жана кызыктуу телеберүүлөрдү көрүүнү жактырышат. Мунун бардыгы эс алууга жана психо-эмоционалдык абалды жакшыртууга мүмкүндүк берет. Кызыктуу окуялардан турган кызыктуу сюжет күнүмдүк жумуш менен жашоодон алаксууга жардам берет. Бирок кинолор пайдадан тышкары зыян алып келет деген пикирлер бар. Чындыгында ошондойбу же жокпу, кино көрүүнүн күнгөй-тескейин карап көрөлү.

Пайдасы

  • Фильмдердин пайдалуу жагы да бар. Психотерапевт Берни Вудер кинотерапия техникасын ойлоп тапкан. Анын пикиринде, кинолор ар кандай эмоционалдык көйгөйлөрдү жеңүүгө жардам берет. Кинотерапия сабактарында бейтаптар чогуу кино көрүп, андан кийин анын деталдарын талкуулашат. Кинотерапия – чыныгы жашоодо иш-аракеттерди аң-сезимдүү түрдө жөнгө салууга мүмкүндүк берген процесс.
  • Өзүн-өзү өнүктүрүү. Көптөгөн илимий даректүү тасмалар пайдалуу маалыматтарды камтыйт, алар талашсыз пайда алып келиши мүмкүн.
  • Оң эмоциялардын булагы. Жаныбарлар жана жаратылыш жөнүндө фильмдер адамга эстетикалык ырахат тартуулап, жан дүйнөсүн тынч абалга алып келет. Негативдүү ойлордон позитивдүү ойлорго жетелейт.
  • Ата-энелер балдарга жомокторду жана толук метраждуу мультфильмдерди көрсөтүүдөн баштаса болот. Балдарга мектеп программасынан алынган чыгармалардын негизинде тартылган фильмдерди көрсөтүү туура. Бала китеп окубаса дагы, сюжети жана каармандар жөнүндө түшүнүккө ээ болот.
  • Эгерде чечилбеген көйгөйлөр болсо, анда каармандары кыйынчылыктарды башынан кечирип, жеңишке жеткен фильмдерди көрүү кажет. Баатырлардын жашоосу менен жашап, адам алардын көйгөйлөрүнө башкача көз караш менен карап, ал тургай эң оор кырдаалдан чыгуунун жолун таба алат.

    Зыяны
  • Адамдардын ортосундагы байланыш жоголот. Психологдордун айтымында, кино көрүү үй-бүлө мүчөлөрүн ачык жана кызыктуу баарлашуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Адамдар коммуникативдик жөндөмдөрүн жоготуп, үй-бүлөдөгү жалпы атмосферага терс таасирин тийгизет.
  • Терс психологиялык таасир. Зордук-зомбулук жана кан төгүү көрүнүштөрү коштолгон тасмалар психикасы начарларга терс таасирин тийгизет. Келечекте жалпы адамзатка терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
  • Терс сапаттардын көрүнүшү. Боевик жана адам өлтүрүү кездешкен кинолор сезимтал балдарга жана өспүрүмдөргө зордук-зомбулукка ыктоону калыптандырышы мүмкүн. Өспүрүмдөр сюжетти кайталап, тез эле ачуулуу, агрессивдүү жана натыйжада козголоңчу болуп калышы мүмкүн.
  • Бүтүндөй организмге терс таасирин тийгизет. Адистердин айтымында, монитордун алдында узакка отуруу көрүүнү начарлатат жана ашыкча салмак кошууга алып келет. Мындан тышкары түнкүсүн кино көрүү уйкунун бузулушуна жана депрессиялык абалга жеткириши мүмкүн.


Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
22.02.2021. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман таасири коп пайдасына караганда.анан мултиктер дагы анчамес азыр.олтургон суйгон опкон.семейный отуруп коротурмай кинолор передачалар аз негизи.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо