№950 18-24-февраль, 2021-ж.
Белгилүү улакчы Манас Ниязов 14-февралда Чымкентте өткөн аламан улактан кийин казак улакчысы Абугали Абдыжапаровдон кечирим сурады. Ага калпак, чепкен кийгизип, казак оюнчуларын Кыргыз жергесине оюндарга чакырды. Эске салсак, 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалдык беттешинде Кыргыз-Казак командалары кез келген. Кыргыз көк бөрүчүлөрү Казакстандын курама командасын 15:3 эсебинде жеңген. Оюн учуранда Манас Ниязов атаандашы болгон Абугали Абдыжапаровду аты менен жөөлөп кеткен. Аттан кулаган казак спортчусу башынан жаракат алган эле.
Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |