Назира Айтбекова, актриса, алпаруучу: "МЫКТЫ РОЛЬ ҮЧҮН ЧАЧЫМДЫ КЫРДЫРУУГА ДАЯРМЫН”

№951 25-февраль-3-март, 2021-ж.

Жылдыздардын жашоосу күйөрмандарына гана эмес, шоу-бизнестеги санаалаштарына дагы кызык экен. Бул жолу чыгармачыл чөйрөдөгү инсандардын суроолоруна каарманыбыз Назира Айтбекова жооп берди.

АЛПАРУУЧУ ЭРКИН РЫСКУЛБЕКОВДУН СУРООСУ:

– Назира, эгер жаңы түзүлүп жаткан өкмөттүн курамына кирүүгө сунуш түшсө, кайсы министрликти башкарып кетүүгө кудуретиң жетмек?

– Сурооңузга чоң рахмат! Жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамына киргим келген жок. Жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамы жалаң кесипкөй, билимдүүлөрдөн куралганда жөн гана каалоолорум, кеңешим, кол кабышым менен гана жардам бермекмин. Атайын министрлик орунда отуруу кыялым эмес. Бирок министрдин ролун фильмде ойногум келет. Ар ким өзүнүн колунан келген ишти жасаш керек.

– Окуган адабий чыгармалардагы каармандардын арасынан жан дүйнөңө эң жакын, өзүңө окшоштургандары барбы?

– Көп эле чыгарма окуйм. Анын ичинен Чыңгыз Айтматовдун “Жамиля” повестиндеги башкы каарман Жамилянын жолдошуна болгон сагынычы, кусасы, көңүлгө, сүйүүгө муктаж болгону, тентектиги, эркелиги окшош. Жан дүйнөсүнүн жарасын шаң, күлкү менен жаап кеткени менин жан дүйнөмдөгү сезимдерге, кулк-мүнөзүмө түспөлдөшүп кетет.

ЫРЧЫ ДАНИЕЛЬ БЕГАЛИЕВДИН СУРООСУ:

– Ютуб каналыңдагы берүүлөргө айтылган сын-пикирлерге кандай көз караштасың?

– Рахмат, Даниель! Комплимент сөздөрдү көп угам. Кайсы бир пайызда сындар да бар. Бирок алар тамактын тузу сыңары. Алар болбосо көркү чыкпайт. Кабыл алам. Айрым сындарды угам, айрымдарына бейкапар мамиле жасайм.

– Бишкекти кара түтүн каптабаш үчүн кандай чараларды көрүү керек?

– Көп кабаттуу үйлөрдү туура салып, аба алмашууга тоскоолдук жаратпаш керек. От жакканда эмнени жагып жатканыбызга жоопкерчилик менен карашыбыз зарыл. Унаабызды көзөмөлдөп, түтүнү үчүн фильтр коюшубуз керек. Анан жазында көбүрөөк бак-шак тигели.

КУУДУЛ, АЛПАРУУЧУ НАЗИРА ЖЕТИГЕНОВАНЫН СУРООСУ:

– Эмнеге ырдабайсың?

– Назира эже, сурооңузга чоң рахмат! Атам, апам экөө тең музыканттар. Бала чагымдан музыка менен өстүм. Фортепиано, комуз курстарына баргам, нота тааныйм. Кичинемде апам далай сынактарга катыштырып, сахнага чыгарып жүрдү. Бирок музыкага болгон сүйүүм, дилгирлигим такыр ойгонгон жок. Эси-дартымдын баары кино, сахна, театр, эфир болчу. Самаганыма жеттим.

– Назиралар кыйын болот. Ошого кошуласыңбы?

– Назира атын өткөндө нумерологдор санап көрүп, “атыңда да күчтүүлүк бар экен” деди эле. Анын сыңары , кандай ысым койсо, жашоосу ошондой болот дешет. Чынында, көп Назираларды тааныйм. Мен тааныган Назиранын бардыгы ийгиликтин үстүндө. Баса, жаңы төрөлүп келгенде чоң энем атымды Назгүл деп коюп алган экен. Ата-энем Назира деп энчилеп, документимде ушул ысымым калыптыр. Чекемде кыпкызыл анарым бар эле, энем Калбүбү деп ырымдап жүрдү.

РЕЖИССЁР РАДИК ЭШИМОВДУН СУРООСУ:

– Кинодо же сериалдарда дагы кандай образ жараткың келет?

– Радик менин сүйүктүү режиссёрлорумдун бири. Экөөбүз бири-бирибизди жарым сөздөн, көз караштан түшүнөбүз. Аны менен иштешүү ушундай ыңгайлуу, жыргал. Сурооң үчүн рахмат!

Азырынча оң каармандардын образын жаратып келем. Эми ушунчалык желмогуз, шүмшүк кыздын ролун жараткым келип жатат. Бул колумдан келет болду бекен? Ушул мага кызык. Комедия жанрына көбүрөөк басым жасап келе жатканым үчүн драма жаатында таптакыр башка Назираны көргөзгүм келет. Оор ролдор да кызыктырат. Мисалы, бир кинодо эки башка, бири-бирине коошпогон образды ачып бергим келет. Айтор, мээмде укмуш образдар көп.

– Роль үчүн толуш керек же чач кырдырыш керек десе, макул болот белең?

– Кандай гана роль берилбесин жан дүйнөм менен ойнойм. Тамакты аябай таптап, күнү-түнү тамак берсеңер да толушум мүмкүн эмес. Эң толук абалым азыркы учурум. 47-52 килограммдан өйдө чыкчу эмесмин. Атамдын, апамдын да "конституциясы" арык болгону үчүн ушул бойдон калат окшойм. Толуш керек болсо кыйналабыз. Бирок чач алдыр десе, ал кино чынында эле алдырганды талап кылса жакшы фильм, мыкты роль үчүн баш тартмак эмесмин.

АКТЁР, ШОУМЕН АКТАН РЫСКЕЛДИЕВДИН СУРООСУ:

– 10 жыл мурунку Назирага кандай кеңеш берет элең?

– Рахмат, Актан! 10 жыл мурунку Назирага: “Уулуң жаңы эле төрөлдү, Назира! Жашооңдо, өзгөчө жеке жашооңдо сени өзгөрүүлөр күтөт. Кайгырба, бардык өзгөрүүлөр жакшылыкка, сени дагы тажрыйбалуу, күчтүү кылуу үчүн болот”,- деп айтмакмын.

– Акыркы жолу ырахат алып жасаган жумушуң эмне болду?

– Өзүм жапжалгыз Ысык-Көлгө унаа айдап бардым. Кадимкидей жалгыздыктан, унаа айдагандан, алыскы жолдо өзүм менен өзүм калгандан ырахат алдым. Кыйкырып ырдадым. Өзүм менен сүйлөштүм, далай суроолорго жооп алдым.

Гүлдана Мамадали кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
01.03.2021. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аялдардын жагымдуулугу ар дайым чачтын сулуулугу менен байланыштуу болгон. Андыктан кыздар чачтарын кое берип, чач жасалгаларына конул бурушу абзел. Чач - бул аялдын негизги кадыр-баркы. Аялдын чач жасалгасы боюнча, ар дайым анын кандай сезимде болуп, кандай жашап жаткандыгын түшүнсө болот. Чач аялдын сулуулугун артырат. Аялдар дайыма сулуу болуга умтулуусу зарыл. Сулуулук - бул кызга берген Кудайдын белеги.
dkrf түзөттү 2021-03-01 10:43:45
01.03.2021. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
dkrf,Ушунтип жаза бергенден тажабаган адам экенсин.
01.03.2021. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Nursultan2508, "Сөз эркиндиги" дегенден кабарыңыз жок көрүнөт.
01.03.2021. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунундан жазба азаматсын Назира
02.03.2021. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кызды 2гана окуясы менен таанып калгам
1- Супер инфонун тамашасына чыдабай супердин журналистерин сотко бергени
2- көзү ачыктарды алып чыгам деп элди алдап акырында эфирден куул
Asmat84 түзөттү 2021-03-02 11:54:23
02.03.2021. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Емнеге кайра кайра еле чыгарабересинер башкалары жокпу
03.03.2021. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Даниель жакшы суроо бериптир
04.03.2021. 07:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы суроолор экен.
06.03.2021. 07:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чач кырдырам дегени түшүнгөн адамга күчтүүлүгү...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо