ЧАЧКА ЧОЙМО ЖАСАЙБЫЗ

№952 4-10-март, 2021-ж.

Жаз келип, күндүн жылышы менен гүлдөрдөн биринчи аялзаты ачылып, кулпура баштайт. Бул убактагы көчөдөгү сулуулукту айт. Кызыл-тазыл өң, кош этек көйнөк, жыпар жыт. Кыскасы, мындай образыңызга төмөндөгү колго жасап алуучу чачка арналган чоймонун түрлөрүн кошуп алыңыз.

1.Атлас, чатыраш, гүлдүү кездемелер сизде да болсо керек. Жок болуп жатса кийилбей калган көйнөк, салынбай калган жоолук, шарфтарды пайдаланыңыз. Буга кошо чоймо да керектелет.

Тандаган кездемеңиз жука тунук болгону жакшы. Андан узундугу 30, туурасы 8 сантиметр кесим, чоймодон 15 сантиметр кесип алыңыз. Кездеменин узунун эки беттеп тигип, оң бетинен оодарасыз. Анын ичинен чоймону өткөрүп, бекем түйүңүз. Эми кездеменин ичине түстүү шуру-мончокторду салып, эки ачык башын ичкери киргизе бириктирип тигип чыгыңыз. Сүрөттөгүдөй чачка арналган чоймобуз даяр.

2. Бул чачка тагуучу чоймону каалооңузга жараша атлас, же жука кездемеден тиксеңиз болот. Чоймонун негизин жогорудагыдай эле жол менен камдап алыңыз. Болгону ичине бир нерсе салуунун кереги жок. Өзгөчөлүгү анын бантында. Бантына узундугу 60, туурасы 8 сантиметр кесим кездеме керек. Аны узатасынан эки беттеп, эки башын сүрөттөгүдөй учтуу кылып кесип алыңыз. Чекесин эки бүктөп айланта тигесиз. Чачка тагуучу чоймонун негизине бир байлам менен бантты байлап коюңуз. Эгерде кездемеңиз шифон болсо чекелерин ысык отко тегиз тийгизип бекитип алсаңыз болот.

Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо