№952 4-10-март, 2021-ж.
21-март – Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдеш Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти."Нооруз-2021 турнирине карата оюндар Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт. Буга карата командалар өз квотасына жараша 11-март күнү саат 17:30га чейин Улуттук спорт түрлөрүнө арыз тапшыруусу зарыл. Арыздар өз облусунун жетекчисинин колу менен бекитилиши керек. Ансыз арыздар кабыл алынбайт",- деп билдиришти федерациядан.
Белгилей кетсек, былтыр пандемияга байланыштуу Нооруз майрамына карата көк бөрү оюну өткөрүлгөн эмес.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |