№952 4-10-март, 2021-ж.
Кыргызстандык спортчу, жиу-житсучу Абдурахманхаджи Муртазалиевге “КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. Белгилей кетсек, тиешелүү чечим “2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бирдиктүү спорттук классификациясынын” талаптарына ылайык кабыл алынган. Абдурахманхаджи Муртазалиев 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль уткан. Ошондой эле ал жиу-житсу боюнча Азия чемпиону. Айта кетсек, Муртазалиев Жиу-житсу боюнча улуттук федерациясынын президенти.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |