№953 11-17-март. 2021-ж
АКШнын Улуттук баскетбол ассоциациясынын рекордчусу, маркум Коби Брайанттын сүрөтү түшүрүлгөн сейрек кездешүүчү карточка аукциондо рекорддук суммага сатылганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, дүйнөдө экөө гана болгон жыйнак 1 миллион 795 миң 800 долларга сатылып, дүйнөлүк рекордду жаңылады. Бирок сатып алуучунун ким экени белгисиз бойдон калды.Коби Брайант 2020-жылдын 27-январында жеке тик учагында кырсыкка учурап каза болгон. Каза болгондордун арасында Брайанттын 13 жаштагы Жианна аттуу кызы да болгон.
Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |