ЭСКИ БАШЫНА ЖАҢЫ ДЕНЕ ӨСТҮРГӨН ҮЛҮЛДӨР

№953 11-17-март. 2021-ж

Элизия деген аталыштагы деңиз үлүлүнө өз башын денесинен ажыратып жулуп алууга бир нече саат, ал эми жаңы денени өстүрүп алууга бир нече апта керек болот. Мындай маалыматты Япониядагы аялдардын Нары университетинин изилдөөчүлөрү жазып чыккан. Алар лабораториядагы үлүлдөрдүн биринин башы денесинен ажырап бөлүнүп, баш өз алдынча жылып жөнөгөнүн кокустан байкап калышкан. Анан бир нече сааттан кийин баш суу балырларын жей баштаган. Болжол менен 20 күндүн тегерегинде үлүл жаңы денесин өстүрүп алган. Ал эми баштан ажыраган дене бир нече күн жашап, анан өлүшү мүмкүн экен.

Изилдөөчүлөр үлүлдүн башынын арт жагындагы шакектей тегерек белгини байкашкан. Үлүл башын дал ошол жерден денесинен ажыратат экен. Бирок эмне үчүн денесин кесип сала турганы азырынча табышмак. Сыягы, алар ушундай жол менен мителер уялап алган денесинен кутулушат окшойт. Анткени башын денесинен ажыраткан үлүлдүн денесинен мителер табылган.


Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо