Камчыбек Ташиев: “ЧЕК АРА ТАЛАШЫ ЧЕЧИЛМЕЙИНЧЕ, ТАЖИКСТАНДЫН БИЗДИН ӨЛКӨ АРКЫЛУУ ЖҮК ТАШУУСУНА ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ”

№954 18-24-март. 2021-ж

Чек ара маселеси чечилмейинче Тажикстанга Кыргызстан аркылуу товар ташууга жол берилбейт. Бул сөздү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 15-мартта Баткендин Самаркандек айылынын тургундары менен жолугушууда айтты. УКМК башчысы Баткендеги чек ара көйгөйүн чечүү үчүн бийлик катаал чараларга барууга даяр экенин белгилеп өттү:

– Мындан ары Тажикстанга мыйзамсыз бензин, курулуш материалдары жана башка товарлар өтпөйт. Тажикстандын товарларын да өткөрбөйбүз, Казакстан, Өзбекстан аркылуу ташый беришсин. Антпесек чек ара маселеси чечилбейт экен. Туура, бизнес, экономикалык алака солгундайт. Чек араны чечебиз, андан кийин гана экономикалык карым-катыш мыйзамдын чегинде жанданат,- деди Ташиев.

УКМК төрагасы аткезчилик менен күрөштө элди көмөк көрсөтүүгө чакырды. Өткөн аптада аткезчиликке каршы операция учурунда УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүлгөн окуяны эскертип өттү:

– Аткезчиликке каршы күрөштө жергиликтүү бир ууч топтун кызыкчылыгы үчүн мамлекеттин чек арасын ачык калтырбайбыз. Эгер кимдир бирөө баш ийбей, өткөнкү УКМКнын кызматкерлерине каршылык көрсөткөндөй каршылык көрсөтсө, ким экенине карабай катаал чаралар көрүлөт, курал колдонууга чейин барабыз,- деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев Кыргыз-Тажик чек арасын тактоодо айрым жарандардын үйлөрү чек ара сызыгына туш келип бузулушу, кээ бир үй-бүлөлөр башка жерге көчүрүлүшү мүмкүн экендигин эскертти:

– Чек ара сызыгы айыл ичинен же кимдир бирөөнүн короо жайынан өтүшү мүмкүн. 5-10 үй бузулуп калышы ыктымал. Жарандар муну түшүнүү менен кабыл алышы керек. Башка жерге көчүрүлүшү керек болгон үй-бүлөлөргө мамлекет жардам берет, көчөгө калтырбайт,- дейт Коопсуздук комитетинин жетекчиси. Ошондой эле Сох анклавына коридор берилгени жатат деп тараган маалыматтар жалган экенин, бул чагымчыл күчтөр таратып жаткан сөз экенин кошумчалады.

Айта кетсек, Камчыбек Ташиев өкмөттүн чек ара боюнча комиссиясынын жетекчиси. 15-мартта өкмөттүк делегацияны баштап Тажикстанга 4 күнгө кетти. 15-18-мартта Худжанд шаарында Кыргыз-Тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өтөт.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо