Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДҮЙНѲДѲГҮ ТАҢ КАЛЫЧТУУ ҮЛПѲТ ТОЙЛОР

№954 18-24-март. 2021-ж

Ар бир эл, ал тургай айрым ѳлкѳлѳрдѳ уруулар ѳзүнүн уникалдуу үйлѳнүү үлпѳт салттарына эгедер. Андай салт ѳздѳрүнѳ кадыресе кѳрүнүш саналса, башка элге жапайычылыктай сезилет.

Ыйлоо жѳрѳлгѳсү

Кытайда туцзя эли (этникалык топ) бар. Хунань, Хубэй, Сычуань, Гуйчжоу провинцияларында жашашат. Салт боюнча, кыз турмушка чыгардын алдында бир ай кѳз жашын тѳгүп ыйлайт. Ыйлап баштагандан 10 күндѳн кийин аны соороткондун ордуна апасы келип кошулат. Дагы 10 күндѳн кийин жакын туугандары кошулуп ыйлашат. Үйлѳнүү үлпѳт маалында кыздын курбулары да кѳз жашын тѳгүп киришет. Бир ай аралыгында жакшы ыйлаган кыздын мындан аркы турмушу жакшы болот деп ишенишет. “Жакшы турмуш үчүн” кыздарга 12 жаштан тарта ыйлаганды үйрѳтѳ башташат. Ал эми айрым үй-бүлѳлѳр ыйлоо боюнча адистерди чакырышат.

Таажы кийүү салты

Финляндияда үйлѳнүү үлпѳт той маалында жаңы келиндин кѳзүн таңып, бойго жеткен кыздар тегеректеп бийлешет. Келин башындагы таажысын чечип, тегеректеп бийлеп жаткан кыздардын бирине кийгизет. Бул бизде ыргытылган гүлдестени тойдогу кыздар тосуп алган сыяктуу эле, кийинки турмушка чыгуу кезеги кимде экенин түшүндүрѳт.

Жаңы келинге жаман сѳздѳрдү айтуу салты

Кенияда масаи уруусунда аталары турмушка узап жаткан кызынын чачын сүт менен нымдап, кѳкүрѳгүнѳ сүт тамчылатып “кѳп балалуу бол!” деп батасын берет. Анан кыз үйдѳн артын карабай чыгып кетиши керек. Диний ишеним боюнча, эгер артын карап жиберсе ташка айланып кетет делет. Күйѳѳ баланын үйүнѳ жакындаганда анын туугандары келинди тосуп алып, ага карата жаман сѳздѳрдү, анын ичинде кемсинткен сѳздѳрдү да айта башташат. Эгер келин буга чыдаса, демек, ал жашоонун кыйынчылыгына чыдайт деп эсептелет.

Үч күн дааратканага барышпайт

Калимантанда (Борнео) жашаган тидонг элинде эски салтка ылайык, жаш жубайлардын эркинин жана организминин күчтүүлүгүн сынашат. Жаш жубайлардын үйлѳнүү тоюнан соң аларды дааратканага киргизбей үч күнгѳ чейин бир бѳлмѳдѳ камашат. Жадакалса аларга кѳп сандагы суусундуктарды берип, 5-6 киши аңдып турушат. Үй камагында ѳткѳн бал айы бактылуу никеге жол ачат деген түшүнүк бар.

Күйѳѳ баланын кара күчүн сынашат

Кениянын Ибо уруусунун үйлѳнѳ турган жигиттери физикалык сыноодон ѳтүшѳт. Кыздын туугандары катары менен тизилишет. Ал эми болочок күйѳѳ бала тизилгендерди аралап ѳтүшү керек. Ошол учурда жигитти таяк менен катуу ургулап, аны болушунча кыйнашат. Бул тоскоолдуктан ѳткѳн жигиттин үй-бүлѳ курууга даяр экенине ишенип, бакыт каалашат.


Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
22.03.2021. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
акыркы кенияданы салт бизде болгондо уйлоно албай журмокпуз да душман кобойтуп
22.03.2021. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акылга сыйбай турган нерселер,үч күн даарат канага баргызышпаганы кызык.Биз бир күндө эмне болобуз..
22.03.2021. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Табарсыкка толгон заара, бойрокко таркап кетпейби уч кунго чейин. Жапайычылыктан чыгарганга медиктери жокпу тооба?
23.03.2021. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Aibyikem,медиктер бар болсо да аны уккан эл кайда? Бизде ысырапкерчиликти жоё албагандай эле жоорук да...
25.03.2021. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
шумдууук!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо