«КАЛЫҢ ТӨЛӨП АЛГАН АЯЛЫМ ҮЧ КҮНДӨН КИЙИН КАЧЫП КЕТТИ»

№416 22-28-октябрь, 2010-жыл.

Шылуун заман

“Качкын колукту” деген тасманы көрдүңүз беле? Бул окуя ошол тасманы эске салат. Андагы колуктудан биздин каарман алдап акча өндүрүүнү максат кылганы менен айырмаланат. Редакцияга келген Алымкул аттуу байке башынан өткөргөн окуяны айтып отурду. Эмесе, баарын каармандын өз оозунан угалы.

“ЭКИ БАКЫР, БИР ТУКУР”
– Мен дагы өз мезгилинде кыз жандап, сүйүү отуна чалдыккам. Бирок түшүнүшүп, сүйүп алган жарым экөөбүз 3 гана жыл бирге жашадык. Ошентип, экөөбүздүн эки жолго түшкөнүбүзгө 3 жыл болду. Жашоо өз ордунда токтоп турбайт экен. Колумда карыган энем бар. Ошондуктан кайра үйлөнүүнү чечкен элем.
Гүлзада экөөбүз Токмок шаарынан тааныштык. Ал өзү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунан болот. Айтымында, айылдаш жигитке турмушка чыгып, ажырашып кетиптир. Себебин күйөөсүнүн ичкиликке жакын болуп, колу тийип, катуу сабагандан боюнан баласы түшүп калганы менен түшүндүрдү. Анан бардыгынан үмүтүн үзүп, кетип калганын айткан.
Ушуларды айтып жаткан кезде “Гүлзада калп айтып жатат” деген ой башыма таптакыр келген эмес. Боорум ооруп, “экөөбүздүн тең экинчи никебиз экен, балким, бактылуу жашап кетербиз...” деген ой менен үйлөнүүнү сунуштадым. Ал менин сунушумду четке какпастан, макулдугун берди. Ишине тыкан, токтоо, сүйлөгөн сөзү орундуу сезилгендиктен, апама жакшы келин, мага күйүмдүү жар болот деп ойлодум. Макулдугун алган күндөн баштап даярданып, колуктунун бардык жол-жобосун жасоону максат кылдым.
Таанышкандан үч ай өткөндө экөөбүздүн үйлөнүү тоюбуз болду. Өзүм фермерлик менен алектенем. Гүлзада туулган айылына барып, үйүнөн салт боюнча алып кетүүмдү өтүндү. Үйүнө жакшыраак кийинип барсын деп бир жылкы сатып, Гүлзадага кийим алып бердим. Төркүндөрүнө деле жүзү ачык болсун деген ойдо ачуу басар, калыңды даярдап алып айылына жөнөдүк. Ал жактан чакан той кылып, Гүлзаданы Чоң-Кеминге алып келдим.

“КАЧКЫН КОЛУКТУ”
– Үйлөнгөнүбүзгө үч күн болгондо Гүлзада капысынан качып кетти. Ага чейин бардыгы жакшы болчу. Ошол күнү апам Гүлзада экөөбүздү чакырып: “Жыйнаган дүйнө-мүлктүн баарына өзүң ээ болосуң. Уулум экөөң бактылуу жашасаңар эле болду. Эми, Алымкул, акчаны келиниме өткөрүп берем”,- деп тамашага салып, болгон акчаны Гүлзадага берген эле. Сыртта оокат кылып жүрсөм, Гүлзада чыгып, “телефонума бирдик салып алайын, үйдөгүлөр менен сүйлөшөт элем” деди. Эч нерседен шектенбей, телефонуна бирдик салып бердим. Бирөө менен туюк сүйлөшкөн соң мага кайрылып: “Алымкул, чоң энем катуу ооруп, үйдөгүлөр Токмоктогу ооруканага алып келишиптир. Анан Бишкекке алып кетишет экен. Мен барбасам болбойт”,- деди. Жаңы келин болуп келген немени жалгыз жөнөтпөйүн деп мен дагы чогуу чыктым. Анда ал: “Сен таежемдердин үйүнө барып мал-жанына жардам берип турчу. Ушинтип телефон чалып суранышты. Мен өзүм эле көрүп келейин. Катуу болсо, сага кабар айтам”,- деп калды.
Анда деле эч нерседен шек албай, таежесинин үйүнө келдим. Аларга чоң энесинин катуу оруп калганын айтсам, чалкасынан кетишти. “Чоң апам жакшы эле турат. Андай болсо, бизге биринчи кабар келет эле да”,- деп ызылдап калышты.
Көрсө, Гүлзада мага калп айтып, качып чыгыптыр. Башыма таш түшкөндөй эле болду. Эмне кыларымды билбей, дендароо болуп калдым. Үч күн Гүлзаданын өлүүсү же тирүүсү билинген жок. Үчүнчү күн дегенде гана телефон чалып, “мени издебегиле, мен тирүүмүн” деген сөздү айтты. Ары жактан бир эркектин “ошентип айт” деп корулдап жатканын кулагым чалды. Менин жообумду күтпөй эле телефонун өчүрүп салды.

“КУРБУСУНАН ШЕКТЕНЕМ”
– Ошондон кийин гана Гүлзаданын кылык-жоруктарын эстеп, өз алдымча талдай баштадым. Биз аны айылынан алып келе жатканда курбу кызы катары Гүлназ аттуу кыз келген эле. Экөө ары басса да, бери басса да колтукташып, сөздөрү бүтпөй жаткан. Мен жанына барып калсам, унчукпай калып жатканына да ошол учурда маани бербеген экем. Эми баарын анализдеп, курбусу экөө мендей эчен адамды сызга отургузуп кетишкен окшойт деп ойлоп калдым. Анткени ал кетеринде Гүлзадага көзүн кысып, бир нерселерди айтып жатканын сезип, ичимден жаман көрүп калгам. Ошентип, үч күндүн ичинде жашоомду ала салдырып кеткен Гүлзаданын кабарын биле албай жүрдүм. Бир күнү мага таежеси телефон чалып, “үйдө уктап жатат, билгизбей келип кал” деди. Мен да туугандарымды коштоп барып калдым. Гүлзаданы көрүп, өзүмдү араң токтоттум.
“Мага эмнеге тийдиң? Мен сени мажбурладым беле? Үч күндүк эле жашообуз болот десең, сенден башка адамды деле табат элем го. Бул эмне кылганың?”- дедим. Бирок менин күйүп-бышканымды ал чымын чакканчалык да көргөн жок. Унчукпай, мелтейип отуруп берди.

“САБАК БОЛСУН”
– Ушундай болду. Адамдын тагдырын оюнчук кылып, тамаша салган качкын колуктумдун өнөрүн айтпай деле койсом болмок. Бирок ал мени менен эле токтоп калбай, дагы бирөөнүн убалына калбасын дедим. Гүлзада жакшы үй-бүлөдө чоңойгон экен. Атасы каза болуп калыптыр. Апасы токтоо, акылдуу жакшы адам экен. Ал дагы кызынын жоругуна түшүнө албай, башын мыкчып отурган кези.
Менин оюмча, Гүлзада курбусу экөө тең алдамчылык менен күн өткөрүп, улам бир жигитти алдап, алардын акчасы менен жашашат окшойт. Баарынан “келиндүү болдум” деп сүйүнүп отурган карыган апама жаман болду.
Гүлзада, эгер бул макаланы окуп калсаң, апамдын сага кылган мамилесин эстеп, жок дегенде бетиң кызарат болуш керек деп ойлойм. Мени эле эмес, апамды да алдап, анын ишеничин сындырып кеткениңди сезерсиң.
Мен Гүлзадага кеткен чыгымды эсептебейм деле. Ал акча менен байып же мансапка жетет элем деген деле ой жок. Болгону, мындай ыплас иш менен алек болгондор кимдир бирөөнүн ишенимин, балким, сезимин сындырып кетип жатканын түшүнүшсө деп айткым келет.


Жылмайып коюңуз!

Турмушка шашылыш чыгып жаткан кызын токтото албай убара болгон энеси:
– Кызым, 18 эле жаштасың, шашылбай, ойлонуп көрчү!
– Жок, мен турмушка чыгышым керек.
– Ай, аның таяк менен эптеп басат экен го...
– Мейли, зато машинасы бар.
– Кап, атаңдан да улуу экен...
– Атамдын аныкындай ак сарайы эч качан болгон эмес.
– Кызым, дагы ойлончу эми!
– Болдучу, апа, мен түбөлүккө күйөөгө чыгып жатыптырмынбы?! Үч күнгө, акчасын алганга чейин эле...

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(18)
25.10.2010. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бети жок акмак убалдан коркпогон...
25.10.2010. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
UWUNDAI JANI BIZNESTER DA 4IKKTIBI?
25.10.2010. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuuy ata, myna kyzyk...
26.10.2010. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол акча арам болуп буйрубай калат болуш керек.
26.10.2010. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Apasi 3 kundo ele akchasinin baarin aga ishenip berbey ele tursa bolmok.
26.10.2010. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аиииий,тообо боло береби э?ал шумшукторду кармап,сазайын бербесе дагы коп момундарды сызга отургузушат го,Алладан корпогон айбандар
26.10.2010. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аман эле болсун ошо кыз даана гоо.бывают же такие дуры делать больше нечего
26.10.2010. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul emi bir jaktama maalymat da,mojet al kelindin oyu menen sozu taptakyr bashkadyr,kim bilet... Bir ele okuyani ar kim ar bashka bayandap beret, ar kimdin oz varianty bolot degendey. Birok,negizinen alganda,tusunuksuz ish kylyptyr al kelin. Shyluunchuluktun bashka dele turloru bar da,nikeni jon ele koyboptur.
27.10.2010. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ujas, emnele bolup baratabys, Kudai saktasaken!!!
28.10.2010. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдук кыз экен го.
30.10.2010. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ukmush kidaishik kelin turbaiby.Kudai saktai kor!
27.07.2012. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир куйоосу качып кеткен бир аялы кыскасы аман эле болгула
19.08.2012. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
очень.жаль вам .но не грустите.мы свами вместе.и вы найдете середи нас свою счасти.
07.06.2013. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaman boluptyr.
23.11.2013. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
колдуктор жаман экенго отоле кызыкле тооб)
19.12.2017. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nazmar кызык адам экенсиз бир жердин эли жакшы бир жердин эли жаман деп. Бир кумалак бир карын майды чиритет деген соз бар. Андай адам ар бир жерде бар. Кичине ойлонуп жазсаныз. Мындай акылы жоктор толуп атат кыргызстандын ар бир бурчунда.
19.12.2017. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман эле болуптур элге да шылдың кылып, мындайлардын сүрөтүн кошуп чыгарыш керек, чындан эле дагы башка бирөөнү алдабайт деп эч ким кепилдик бере албайт
19.12.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсыз....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо