РЕФЕРЕНДУМГА ЧЕТ ЖЕРДЕН 54 МИҢ КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ КАТЫША АЛАТ

№955 25-31-март. 2021-ж

Өлкөнүн жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча референдумга чет жерде жүргөн 54 138 Кыргыз жараны катыша алат. Бул маалыматты БШК жарыялады. Добуш берүү үчүн 48 шайлоо тилкеси ачылат.

Маалыматка таянсак, чет жердеги шайлоочулар үчүн форма-2 колдонулат. Ал үчүн жарандар шайлоо дарегин өзгөртүү боюнча 27-мартка чейин арыз жазышы керек. Чет өлкөдө референдумга добуш берүүнү уюштуруу ишине 12 миллион сом жумшалары айтылат маалыматта.

Айта кетсек, 11-мартта Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзамдын долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамдын долбоорун 2-3-окууда кабыл алган. Референдум ушул жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо менен бирге өткөрүлгөнү жатат.

Референдумда 3 миллиондон ашык жаран добуш бере алат. Расмий маалыматка таянсак, 2020-жылы өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоонун алдында добуш берүүгө укуктуу жарандардын саны 3 миллион 385 миң экени айтылган. 2015-жылы бул сан 2 миллион 700 миңдин тегерегин түзчү.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо