№956 1-7-апрель. 2021-ж
Өлкөдө 29-марттан тарта COVID-19 илдетине каршы эмдөө башталды. Вакцина – Кытайдан акысыз алынган SinoPfarm каражаты. Биринчи болуп саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөө алды (сүрөттө). Эки күн ичинде өлкөдө 139 жаран эмдөө алганы белгилүү болду. Эмдөөнүн 1-этабы Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй облусунда жүргүзүлөрү, 2 аптанын ичинде 75 миң адамга вакцина сайылары айтылды. Бир медайым суткасына 50-60 адамды эмдөөгө жетишиши керек дейт министрлик. Жалпы өлкө боюнча жарандарды эмдөөгө 2 айдын ичинде шарт түзүлөрүн белгилейт министр Бейшеналиев.
Эмдөө алуу же баш тартуу – жарандардын эркинде.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |