Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Анжелика: «АЖЫРАШТЫ ДЕГЕНДЕРИ – УШАК»

№416 22-28-октябрь, 2010-жыл.

Күбүр-шыбыр кеп уктум...

Жанынан өтүп бара жаткан адамды жок дегенде бир кылчайтчу ай чырайлуу Анжеликаны айрымдар “жолдошу менен ажырашып кетиптир” деп жатышат. Бул сөздүн чын-бышыгы канчалык?

Татына жүздүү Анжелика турмушка чыкса да, канчалаган жигиттер, ал гана эмес, селкилер сулуулугуна ашык болуп келишет. Сахнага жарашкан жүзү, анан да аракети менен көп ийгиликтерге жетише алды. Көптөгөн күйөрмандарды топтогондон тышкары сулуулук салонун ачты, “Жылдыздар манежде” долбооруна катышып, “Цирк ханышасы” да аталды. Жаш туруп эки кыздын энеси болду. Башка бирөө илип кетет деген ою күч болду окшойт, күйөө бала Урмат мектепти бүтө элегинде эле эртелей көшөгөгө киргизип алды. Муну Урмат өзү да бизге берген интервьюсунда тастыктаган:

– Тагдыр ушул экен да. Балким, башка күйөрмандарынан мурун алып кетейин деп шашкандырмын. Анын үстүнө 80 жаштагы апамдын тилегин эртерээк орундатайын дедим. Апам: “Сенин келинчегиңдин колунан чай ичсем болот эле”,- деп кайра-кайра кулагыма куйчу.

– Ушундай татынакай, белгилүү ырчы кыз келинчегим болуп калат деп ойлодуң беле?
– “Ушул кыздын жанында жөн гана турсам” деп кыялданчумун. Кийин “Анжелика менен түштөнүүгө барсам...” дедим. Жакшы ниет кылсаң, баары болот экен, мына, эми минтип өмүрлүк жарым болуп отурат. Мен чексиз бактылуумун.
Жаш жубайлардын жакында 2-кызы жарыкка келди. Мына ушундай бактылуу үй-бүлөнүн очогу бузулду деген кеп шоу-бизнес чөйрөсүндө акыркы күндөрү байма-бай айтылууда. "Ошон үчүн Анжелика башка үйгө көчүп жатыптыр. Азыр депрессияга түшүп, капа болуп жүрөт. Журналисттер менен да, сахналаштары менен да кабарлашпай калганы ошондон улам" деген кеп-сөздөр ырчылар чогулган жерлерде көп айтылып жаткан. Балким, буга ырчы менен устатынын өткөн жылдагы кайым айтышуулары таасир эткендир. Атүгүл Айчүрөк Иманалиеваны коркутуп-үркүткөндөрдү да кыйыр түрдө Анжеликага байланыштыргандар болгон эле. Эсиңизде болсо, Анжелика “Камбаркан” фольклордук тобу менен Швейцарияга барып келген соң Айчүрөк айым төмөндөгүчө маек берген:

– Анжеликанын Швейцарияга чоңдор аркылуу барганы чын. Ким аркылуу барганын мен билем. Албетте, мындай жол менен ийгиликке жеткени эл алдында дагы, Кудай алдында дагы туура эмес. Анткени “Айчүрөк” эстрада театрына, “Айчүрөк тарбиялаган кыз” деп мага сөз тиет. Андыктан бардык ийгиликтерге өзүбүздүн күчүбүз менен жетишсек болот эле. Бул жөнүндө өзүнө да, күйөөсүнө да айткан күндөрүм болгон. Мен деле өзүм тарбиялаган кызды жамандагым келбейт. Болгону, менин башымды аттап, адам катары санабай кылган иштери ушуга жеткирип жатат.
Ошентип, гезит аркылуу бири-бирине сый-урматын да, таарынычтарын да билдирген экөө өз иштери менен алек боло тынчып калышкан.
Учурдагы күбүр кептердин чындыгын өздөрү­нөн билели деп байланышка чыкканыбызда ырчы айым "бизди ажырашты деген кеп – ушак" десе, ырчынын жолдошу Урмат: "Анжелла эл адамы. Андыктан жакшы да, жаман да сөздөр айтылат экен. Мындай сөздөрдү ким чыгарат, такыр түшүнбөйм. Жакшынакай эле ынтымактуу жашап жатабыз. Жаап-жашыра турган маселебиз деле жок. Конокко келсеңер деле болот, келинчегим экөөбүз тосуп алабыз. Ажырашкандан Кудай сактасын. Болгону, азыр Анжелла эки бала менен үйдөн чыга албай, чыгармачылыктан бир аз алыс жүрөт. Буюрса, алдыда жакшы пландар бар",- деп жооп узатты.

Урматтын бул сөздөрүн угуп "ии" деп калдык. Боюна бою, оюна ою төп келген бул түгөйлөр андай кадамга барбайт эле дейбиз да. "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" деген ушул тура.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(21)
22.10.2010. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч кандай ушактрага ишенбей, бактылуу жашагыла. Бар Анжелика, кыздарындын омурун берсин Кудайым!!!
25.10.2010. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушак эмес эле, чын эле экен. куйоосуно боорум ооруйт да бу кыздын
25.10.2010. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаку,кошулам оюна. Бул кыз жашынан шоу-дуйнодо журуп,Айчуроктон тарбия алып,"тирмизик" болуп буткон. Кылган кылыктарын карасан,ажаал аял четте эле калат Анжеликанын жанында. Куйоосун бир жакшы созу менен алдап коюп журот да. Айчурок жон жерден мындай кеп айтпайт,
25.10.2010. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
билгени бар учун ошентип коркпой 5 млн калкка ачыгын айтып отурат да. Женишке деле чондордун "постели" аркылуу барган дегендей кылып суйлоптур го озунун эле "апасы" Иманалиева. Куйоосу суйгону учун компромисске барып жашаса керек,сулуунун да бир баасы бар деп ушуну айтабыз
25.10.2010. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ну ты даеш Expert
25.10.2010. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээй Адамдар ,ушактабай эле койолучу,Анжелика да Кудайдын бир пендеси да,Айчурок эже менен ырдап жургондо эмне чыгат эле ,ар кандай тойлорго барып жаш омуру бузулат эле.Андан коро жакшы болду турмушка чыгып энелик бакытты татып жатканы.Мен кайсы аялга болбосун энелик бакы
25.10.2010. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super Info daiyma Anjelika jonyndo sliwkom maktap jaktap jazat. Emnege?
25.10.2010. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
незнаю мне кажется она высокомерная девка...Айчурешканын конечно эмгеги бар бул кызда анан чонойуп алып карабай кетсе обидно же...сулуу айымдарды ар дайым ушак айын коштоп журот...
25.10.2010. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anjelika - moy kumir, vyrosla s ee pesnyami, hodila na ee konserty s detsva, do sih slushayu ee starie oesni, i menya ne volnuet kakaya ona v jizni, kak vedet s mujem, glavnoe- ona moy kumir
25.10.2010. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chininda ele Anjelika abdan tatinakay, talantuu kiz, kichine kezinde el aldinda chikkandan berri ele taanip kelebiz. Menin oyumcha Aychurok Imanaliyevadan ketip ele kalgani jakshi boldu, kop iygilikterge jetishti, aga emne obijat etip jatat, naoborot kubanbaybi. Kanday jol menen iygilikterge jetip jatkanin biz kaydan bilebiz, eldin oyloru srazu ele 'postelge'ketet, mojet anday jaman jol menen emes ele talanti menen ele jetti, bizge emne ish ozu bilet da, ajirashti degeni kalp ele bolush kerek, k
26.10.2010. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи жел болбосо чоптун башы кыймылдабайт дегендей,ушинтип ушак болуп жатып эле аягы чыныдыка айланат.Ошондуктан мен ушундай жакшынакай уй булоонун бузулушун каалабайм.Бактылуу болушсун!!
26.10.2010. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика, бизди антип капа кылба, ажырашпа, эгер (ушул чын болсо, чын экенин бир Кудай билет). Суперге айтканыңарга ишенебиз. Карачы сулуулугуңду! Ичи тарларды тим эле, "чыгармачылык" менен "сүйлөтүп" жатат! Ого бетер сулуу, ого бетер акылдуу, ого бетер кечиримд
26.10.2010. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кечиримдүү боло бер! Өзүңдүн Кудай берген сулуулугуң, талантың, акылың бар! Эч кимдин эмгегине муктаж болбой эле турасың! Ошондуктан болбогон бош сөздөргө сынбай, өсө бер. биз сенден сонун чыгармаларды күтөбүз!
26.10.2010. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок эже Анжеликаны чонойтуп, ага койгон максаттары башкача болчу, анан ал тийип кетсе ичи ачышканын, куйукконунон ар нерсе дей берет, кантип эле Урмат аке озунун аялын ошол чондордун колуна салып бермек эле, суйлойт десе эле суйлой бересинерби? балким акча берип ошол Ш
26.10.2010. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
...Швейцарияга баргандыр аны тим эле постель деп алыпсынарда! Анан жакында эле коз жарып дагы бир кыздуу болуп атышса алар бактылуу болбой ким бактылуу болсун?! Анжеликага ишенем ал эч качан уй-булосун кулаганына жол койбойт!!! бактылуу болушсун
26.10.2010. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oldunorgo mynch kyibatka jakynsynar ne lkylasynar biroonun turmuwuna aralawyp jon koygula ozuno kyin je siler birdeme bolso bawkach jol taap bermek belener tooba
26.10.2010. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ishi kylyp baktilyy jashasanar boldu!
27.10.2010. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кстати помните Роза Аманова дагы ажырашпй элемин деп атып, ошол кездеги влиятельный адамдар куйоосунон ажыраштырып Жумлиевге алып берип койушкан, бирок мындайлардан кудай сактасын....
27.10.2010. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bir kudaigana bilet, baktyluule jashai bergile!!!
28.10.2010. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat kiz ozu!Aytarga soz jok,maktaganga soz kop...Ushunundan jazba!Koz tiybesin silerge,Anjelika!
29.10.2010. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anjelika ozu makul bolup ele turmushka chykkan.Dayima shayir jurot, baktyluu ekeni oshondo ele jatat da, al emi oz turmush jolun oz koluna alyp Aychurok ejeden ketti, aga taarynyp emne? Baarybir birde bolboso birde ketmek da je emne omur boyu ejenin kolunda ishtemek bele?Prosto kichine ele korunboy kalsa, ajyrashtyryp koyushat.Jany ene bolup otursa es alat da kyzynyn janynda bolush kerek degendey.Sozdun ayagynda uy-bulooluk bakyt, joldoshundun suyuktuu kelinchegi, kyzdaryndyn baktyluu enesi bol!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо