Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№956 1-7-апрель. 2021-ж

  1. ЖЕҢИЛ ЖАНА ДААМДУУ ЖАЗ!

  2. Жаз – ашкөктөрдүн, чамгырдын маалы. Ушул азыктардан тезирээк бир нерсе жасап, жагымдуу маанайда чай ичкиң келет го. Анда төмөнкү рецепттер менен тамак даярдап, биз менен жаздын даамын сезиңиз.

  3. КУУРУЛГАН ЧАМГЫР

  4. Керектелүүчү азыктар:

    Чамгыр (редис) – 15 даана

    Сарымсак – 3 тишче

    Каймак май – 10 грамм

    Петрушка – 2-3 талча

    Туз, мурч – татымына жараша

  5. Даярдоо ыкмасы:

    1. Чамгырды жууп-тазалап, ортосунан эки бөлүккө бөлөбүз.

    2. Ысып турган көмөч казанга каймак майды салып эритип алабыз да, үстүнө майдаланган сарымсакты салып бир аз кууруйбуз. Үстүнө чамгырды салып, күчтүү отто улам аралаштырып кызарта 10-15 мүнөт кууруйбуз.

    3. Оттон чыгарып майда тууралган петрушканы кошуп, татымына жараша туз, мурч себелеп алып өзгөчө даамдан татыңыз.

  6. ШПИНАТТАН КУЙМАК (БЛИНЧИК)

  7. Керектелүүчү азыктар:

    Ун – 200 грамм

    Сүт – 200 миллилитр

    Шпинат – 200 грамм

    Жумуртка – 2 даана

    Кайнак суу – 250 миллилитр

    Ашкана содасы – 1 чай кашык

    Туз, кумшекер – татымына жараша

  8. Даярдоо ыкмасы:

    1. Шпинатты табага салып, үстүнө бир аз суу куюп отко коёбуз. Бир-эки мүнөттүн ичинде шпинат соолуп жумшарат.

    2. Блендерге эленген унду, жумуртка, сүт, шпинатты жана каалооңузга жараша туз, кумшекерди салып аралаштырабыз. Кайнак сууга ашкана содасын кошуп, аралашмага куябыз.

    3. Ысып турган көмөч казанга камырдан жука куюп, эки тарабын тең бышырып алабыз. Даяр болгон куймактарга каймак майдан сүйкөп же ичине каалооңузга жараша сыр, помидор, быштак кошуп жесеңиз болот.

  9. ЖУМУРТКАДАН КОТЛЕТА

  10. Керектелүүчү азыктар:

    Сууга бышкан жумуртка – 6 даана

    Укроп, жуcай – жарым боодон

    Чийки жумуртка – 1 даана

    Катуу сыр сорту – 50 грамм

    Пияз – 1 баш

    Ун – 1 аш кашык

    Манна акшагы – 1 аш кашык

    Өсүмдүк майы – 50 миллилитр

    Туз, мурч – татымына жараша

  11. Даярдоо ыкмасы:

    1. Пиязды майда туурап, көмөч казанга бир аз май куюп кызарта кууруп алабыз. Бышкан жумурткаларды аарчып, сүргүчтөн өткөрөбүз. Үстүнө куурулган пиязды, майда тууралган жуcай, укропту, ун, манна акшагын жана татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз. Аралашманын үстүн жаап, муздаткычка 20 мүнөт коё туруу кажет.

    2. Сырды ичке тегерек формада кесип даярдап алабыз. Же болбосо сүргүчтөн өткөрүп, аралашмага кошуп жиберсеңиз болот.

    3. Колду суулап, аралашмадан бир аш кашык алып тегерек кылып, үстүнө сырды коюп, кайра бир аш кашык аралашмадан кошуп формага келтиребиз. Көмөч казандагы ысыган майга котлеталарды эки тарабынан бышырып аласыз.

    4. Даамдуу жана тоюмдуу жумуртка котлеталарына каймактан куюп дасторконго сунсаңыз болот.

  12. КАТТАМА КАМЫРДАГЫ ТЕФТЕЛИ

  13. Керектелүүчү азыктар:

    Каттама камыр – 200 грамм

    Фарш – 400 грамм

    Сууга бышкан жумуртка – 4 даана

    Жусай – 1 боо

    Жумуртка – 1 даана

    Пияз – 2 баш

    Туз, мурч – татымына жараша

  14. Даярдоо ыкмасы:

    1. Сууга бышкан жумуртка менен пиязды майда туурап, фаршка кошуп аралаштырабыз.

    2. Чийки жумуртканы чалып, туз, мурч себелеп, үстүнө майда тууралган жусайды, фарш аралашмасын кошуп жакшылап аралаштырабыз.

    3. Каттама камырды жукалыгын 3 миллиметр кылып жайып, ичке узун-узун кесип алабыз.

    4. Колубузду суулап алып аралашмадан кичигирээк тоголок тефтелилерди даярдоо керек. Узун кесилген камыр менен аларды жип түргөндөй айланта ороп чыгабыз.

    5. Тоголок шарчаларды табага салып, үстүнө жумуртканын сарысын сүйкөп, 200 градуста ысып турган электр мешине салып 30 мүнөт бышырабыз. Жаз даамданган тефтелибиз даяр!

  15. Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(3)
05.04.2021. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ммм жазап коруш керек экен.
05.04.2021. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чамгырды биринчи жолу угуп атам жамгыр дейм деп чамгыр дешкенби деп койом
06.04.2021. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Afrodita1993,редиска да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо