АЛТЫНАЙ НАРБАЕВА КЫЗЫН ТУРМУШКА УЗАТТЫ

№956 1-7-апрель. 2021-ж

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева кызын турмуш жолуна узатты. Ырчы жагымдуу жаңылыгы тууралуу буларды айтып берди:

– Алтынай айым, күйөө балалуу болушуңуз менен куттуктайбыз. Сезимдериңиз менен бөлүшсөңүз...

– Рахмат. Сезимдеримди сөз менен айтып бере албайм. Кызыңды башка бүлөгө берүү башкача болот экен. Ичимден бир органды жулуп алгандай эле болду. Тойдо көз жашымды тыя албай койдум. “Эмне эле ыйлайт?” дегендер болду, толкунданып ыйладым. Кубанычтын көз жашы, албетте. Кудай мага ашыкча мээрим берип салганбы деп өзүм деле кайра-кайра ыйлай бергенден уялдым. Кыскасы, ичимде бороон-чапкын болду.

– Кызыңыз кайсы жактын келини болду?

– Кызым касиеттүү Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Дархан айылына келин болду. Балдарыбыз бир мектепти бүтүрүшкөн. Күйөө балам Улан жогорку билимди чет өлкөдөн улантып, сырт жакта жүрүп келди. Кызым дагы чет өлкөдө окуп келди. Бирок экөөнүн тагдыры бир экен, кайра табышып, баш кошуп калышты. Экөөнүн ортосундагы 2 жаш айырма бар, кызым 29да, күйөө балам 31 жашта. Мектепте күйөө баламды өзүм окуткам, кызымды кудагыйым окуткан. Кудагыйым экөөбүз кесиптеш болчубуз. Балдарыбыз Бишкекте жашашат.

– Куда-кудагыйларыңыз тууралуу кеп кылсак...

– Кудагыйым Чынара Бекбаева экөөбүз мектепте чогуу иштегенбиз. Куда-кудагыйыбыз интеллигенттүү, маданияттуу үй-бүлөлөрдөн. Алардын үй-бүлөсү, туугандарында өнөрлүү адамдар көп экен. Тойдо аккордеондо ойноп, ырдап отурушту. Кызымдын чыгармачыл бүлөгө барганына абдан кубандым.

– Эки жаш бактылуу болушсун!

Гүлдана Мамадали кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо