СПИРТ МЕНЕН КҮЙҮҮЧҮ БИОКАМИН

№956 1-7-апрель. 2021-ж

Каминдердин түрлөрү бир топ. Учурда биокаминдер популярдуу болуп жаткан учуру. Анын артыкчылыктары, күйүү үчүн эмне колдонула тургандыктары боюнча маалымдайбыз.

МОРДУН КЕРЕГИ ЖОК

Биокаминге тазаланган табигый спирт-этанол колдонулат. Спирттин уникалдуулугу күйгөндө зыяндуу газдарды бөлүп чыгарбайт. Ага мордун кереги жок. Аны чоң же чакан бөлмөлөрдө колдонсо деле болот. Биокаминге орточо эсеп менен 1 саат үчүн 300 грамм спирт куюлат. Иштетүүдө эрежелерди сактап, кароосуз калтырбоо керек.

БИОКАМИНДИН ТҮЗҮЛҮШҮ

  • Күйүүчү майдын төгүлүп кетишинен коргогуч
  • Спирт куюлуучу оюкча
  • Көзөнөктүү керамикалык чакан бак


Бардык сыр спирт куюлуучу керамикалык чакан бакта. Мунун негизги артыкчылыгы – кокустан кулап кетсе, ичиндеги спирт төгүлбөйт. Биокаминдеги спирт түгөнүп, кайра куюш үчүн алгач отту толугу менен өчүрүп, биокамин муздаганча күтүү керек, болжол менен 15 мүнөт.

Биокаминде, жогоруда айткандай, спирт колдонулгандыктан күйгөндөн кийин башка от жагылчу каминдерге окшоп күл калбайт.

Биокаминдин артыкчылыктарына дагы төмөнкүлөр керет:

  • Формасы жана өлчөмдөрү ар түрдүү. Кааласаңыз чоңун, кааласаңыз кичинесин алсаңыз болот.
  • Уникалдуу дизайнынын артында кокустан өрт чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жок.
  • Биокаминди көп кабат үйдө орнотуу үчүн тиешелүү органдардын уруксаты талап кылынбайт. Шайманды адам өзү эле орното алат, адистин кереги жок.
  • Атайын техникалык тейлөөнү талап кылбайт. Болгону топтолгон чаңды аарчып коюу керек.
  • Жеткиликтүү баа. Баасы 10 миң сомдон башталат.


КҮЙГҮЗҮП, ИШТЕТҮҮ

Шаймандын туткасын бурганда капкак (жапкыч) ачылат, ошондо ширеңкени жакындатсаңыз, от күйөт. Колду күйгүзүп албоо үчүн узун ширеңкелерди колдонуп же алыс туруп күйгүзүү зарыл.


Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
10.04.2021. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой жакшы экен. Биокаминди кайсыл жерде сатат?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо