АТАКТУУЛАР СҮЙҮКТҮҮСҮН ТЕЛЕФОНУНА КИМ ДЕП САКТАШАТ?

№957 8-14-апрель, 2021-ж.

Телефондогу “контакттар ааламына” саякатка чыгалы. Сүйүктүүңүздүн номерин ким деп сактагансыз? Бул санда шоу-бизнес жылдыздары түгөйүн телефонго ким деп сактаганына кызыгып көрдүк. “Ырысым”, “Муза жүрөкчө”, дагы ким?..

МИРБЕК АТАБЕКОВДУН СҮЙҮКТҮҮСҮ “МЕКУЛИЧКА ЖАНУЛИЧКА”

– Менин контактымда келинчегимдин номери “Мекуличка Жануличка” деп сакталуу. Башынан эле ушундай деп сактагам. Ал эми келинчегим мени “Мишка” деп сактаган. Атым Мирбек болгондуктанбы же мамалактарга окшоштуруп “мягкий” дегенби, айтор, Мишка деп сактап койгон.

ТЕАТР ЖЫЛДЫЗДАРЫ ТЕЛЕФОНДО ОЛУТТУУ

Арнис Кыдырмышев:

– Келинчегимдин номерин “Альбина О” деп эле сактагам. Эмнеге экенин билбейм, эч качан эркелеткен сөздөр менен жазып сактабаптырмын. Биз башынан эле аттарыбыздан сактап жүргөнгө өзгөрткөн эмеспиз.

Альбина Имашова:

– Жолдошумдун эки номери тең атынан сакталуу. Бир номерин “Арнис О”, экинчисин “Арнис Билайн” деп сактагам. Башка ат коюп сактаган эмесмин.

АЛПАРУУЧУ УРМАТ БОРЧЕНОВДУН СҮЙҮКТҮҮСҮ “АСЕЛИМ”

– Жубайым менен кыз-жигит болуп жүргөн кезде эле “Аселим” деп номерин сактагам. Азыр дагы өзгөргөн эмес. Ал мени эмне деп сактаганын билбейм. Бирок бизде эркелетмей жок, согушуп кетебиз.

ОМАР “КОМАРГА” АЙЛАНГАНДА...

– Келинчегим экөөбүз контакттагы номерибизди ар кандай аттар менен жазып сактап коёбуз . Үйлөнгөнгө чейин эмне деп сактаганымды унутуп калдым. Бат-баттан алмаштырып турабыз. Кыз-жигит болуп жүргөн кезде ал мени “компот жыттанасың” деп “Компот” деп сактап койчу. Азыр болсо Омарга “К” тамгасын кошуп “Комар” деп сактап койгон. Кээде күлкүлүү быйтыкчаларды коюп коёт. Мен болсо келинчегимди “Д” деп сактагам.

АЙГЕРИМ РАСУЛ КЫЗЫ “РОМАНТИКА БҮТПӨЙТ” ДЕЙТ

– Турмушка чыкканга чейин жолдошумдун номерин “Медвежонок” деп сактачумун. Азыр аты эле жазылуу. Жолдошум да мени “Айгерим” деп атымдан сактаган. Муну менен “романтика бүттү” дебейм, романтика улана берет. Бири-бирибизге жаным деп кайрылабыз. Ал эми телефонго атыбызды жазып сактаган кызыктуураак сезилет.

САМАТ ЭРКИНБЕКОВ ЖУБАЙЫН “ДЕВУШКАМ” ДЕП ЭРКЕЛЕТЕТ

– Келинчегимди “Девушкам” деп сактагам. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн кезден эле ушундай келе жатат. Келинчегим болсо мени телефонуна “Муза жүрөкчө” деп сактаган.


АВАЗ АКИМОВ “ЛЮБИМЫЙ”, АЙДАНА ДЕКА “ЖАНЫМ”

– Айдана экөөбүз таанышкан күндөн баштап эле анын телефон номерин “Жаным” деп сактагам. Үйлөнгөндөн кийин, азыр деле өзгөрткөн жокмун. Ал эми Айдана мени телефонуна орусча “Любимый” деп сактаган.

ЫРЧЫ КУДАЙБЕРДИ АЙТБОСУНОВДУН “БОБОТИГИ” АЗЫР КИМ?

– Келинчегимдин эки номери бар. Бирөөсүн “Боботик”, экинчисин “Катыке” деп сактап койгом. Үйлөнгөнгө чейин деле сүйүктүүмдү “Боботик” дечүмүн. Азыр тамашалап, эркелетип “Катыкем го менин” деп калам.


КОМУЗЧУ ЧОЛПОН МЕЛИСБЕКОВАНЫН ЖОЛДОШУ “ЫРЫСЫМ” ДЕП САКТАЛУУ

– Жолдошумдун телефон номерин көп жылдан бери “Ырысым” деп сактап келем. Такыр өзгөртө элекмин, өзгөртүү планым деле жок. Башкалардан өзгөчөлөнтүп берекем, бактым, ырысым болсун деп жазып койгом.

Гүлдана Мамадали кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(13)
12.04.2021. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул "самопал жылдыздар" акыры мактанаарга эчтеке таппай калганда эмне кылышаар экен тооба.
12.04.2021. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен ачуум келгенде маймыл деп коём хе хе,башка убакта атынан эле сактап коём
12.04.2021. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Комары" сонун го
12.04.2021. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт сиздерди таштабасын! Ар дайым ийгилик жана өз ара түшүнүшүү сиздер менен болсун. Эң башкысы, бардык сүйүүңөр адашпасын, чачырап кетпесин жана токтобосун! Сүйүү силер менен болсун! Аял затында дайыма сулуулук, аруулук, эрк, кайрат болсун. Кыздар дайыма чыныгы сулуулук ханышасы бойдон кала бергиле. Кыздардын жашоосунда ийгилик, бакыт жана кубаныч үчүн болсун. Кыздарга сүйүү жана көңүл буруу, татаалдык жана сүйкүмдүүлүк, кайраттуулук жана сыймыктануу жана ийгилик каалайм.
zhazgul98 түзөттү 2021-04-12 23:44:49
13.04.2021. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhazgul98,"чачынарды жайып" деген соз калып кетиптир да
13.04.2021. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Asyl.jazi,
Туура аяз заты дайыма чачын жасатып, кое берип, жакшынакай көйнөк, жаңы чач жасалгасы, жагымдуу жылмаюу, сырткы келбети жагымдуу болушу керек.

14.04.2021. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
zhazgul98,татаалдыгын эмнеси татаалдык озуно эле кабыл болсун
13.04.2021. 06:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен "Бейишим" дечү элем, азыр"атасы" деп сактаганмын
13.04.2021. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аваз менен Айданадан башкасы реальный сакташыптыр. Бул экөө слишком ойсоңдоп кетишиптир...
14.04.2021. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AykaMer,Эмнеси ойсондоптур,жаным деп сактаса ойсондогон болуп калабы?Экоо тугой болгондон кийин ....
13.04.2021. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арнис менен Альвинага гана ушунчалык ичим чыкты.Артистмин деп обу жоктонбойт.Бактылуу болушсун ылайым!.
Тигилер жаным,жүрөгүм,өзгөчөм деп жүрүп эле бир күнү менин оюмдагыдай адам эмес экен,жаңылыпмын деп ажырашып кетишет.
14.04.2021. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул чачын жайып жасалгалаап боëнуп жасанып деп жазган адамдар бир кун келип Кудайым силерге хидаят берип кантип намаз окуп калганынарды билбей калсанар экен оомиин
18.04.2021. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аамин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо