Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СЕН МАГА ЭЧ КАЧАН АТА БОЛО АЛБАДЫҢ»

№957 8-14-апрель, 2021-ж.

– Менин күчүм көп нерсеге жетти, жетип келе жатат. Болгону ызамды тыйганга, атама болгон жек көрүүмдү жойгонго жетпеди. Мага атадан да, энеден да айтпаптыр. Эне-атанын мээримине чулганып өспөдүм, керек болсо кандай болорун сезген жокмун. Ажырашкан үй-бүлөнүн курмандыгы болдум. Атам менен апам мен кичинекей кезде эле эки ажырым жолго түшүптүр. Апам мени өзү менен алып кетпей, эмнеге таштап кеткени мага суроо бойдон калды. Кийин апамды сураштырсам, атам менен ажырашкандан кийин эле жол кырсыгынан каза болуптур. Атам бул темада сүйлөшмөк түгүл, учурашканыма тыңыраак жооп бербейт.

– Кагылып кетейин, балакетиң алайын,- деген чоң энемдин сөздөрү азыр да кулагымда. Тилекке каршы, чоң энем мен 3-класста окуп жаткан жылы каза болуп калды. Чоң энемдин мээрими ата-энемдин жок экенин билгизбептир. Эч ким мага жаман мамиле кылчу эмес. Чоң энемден айбыгышчу көрүнөт. Энемдин өлүмүнөн кийин баары өзгөрдү. Жеңем, байкем, кимиси болбосун “айдап кел, байлап кел, эшикти шыпыр, муну алып кел” деп эле ителеп жумшаганга өтүштү. Мындай жумуштардан атам жаш аял алганда кутулдум. Ал атамдан 15 жашка кичүү, бирок атама караганда акылы терең, жакшы адам. Мен аны жеңе деп калдым. Атамды менин бар-жогум, эмне кылып жүргөнүм, мектепте кандай окуп жатканым кызыктырчу эмес. Бир күнү мени чоң апамдын үйүнөн атамдын үйүнө кийим-кечегим менен көчүрүштү. Эмнеге мындай болгонуна мен түшүнбөй калгам. Көрсө, атамдын жаңы аялы – жеңем атамды макул кылып мени алдырган экен. Көнүп калганымдай короону тазалап эшикте жүрсөм, жеңем мени чакырды.

– Бул дагы эмнеге жумшаганы турат?- деп сүйлөнүп алып жанына бардым.

– Сабактарыңды оку.
Оокатка алаксыба, андай иштерди кылууга кичинекейсиң,- деди. Ичимден кудуңдап сүйүнүп кеттим. Уккан кулагыма ишене албай турдум. Ошентип көкөйгө тийген тиричиликтен кутулдум. Жеңем мага мээрим төгүп үзүлбөсө да, аяр мамиле кылды. Азыр да жылуу кабыл алып, мага төркүн болуп жатат.

Адатта аталар кыздарын алаканына салып бөпөлөп ханыша кылып өстүрүшөт го. Мындай аталарды көргөндө жарама туз сепкендей ичим ачышып кетет. Атасына эркелеп өскөн кыздарга суктанам. Сен эмнеге мени камкордугуңа алып өстүрө албадың? Жакшы сөзүңө, мээримиңе зар болуп жүрүп үйдөн узадым. Окууну бүткөндөн кийинки келечегим да сени ойлондурган жок. Колуңда жок, ичкилик ичкен, жашоодон безип качкан адам болсоң бир жөн. “Мейли, анын мени ойлогонго чамасы келбей калды” дейт элем. Бирок андай эмессиң да. Мектепти бүткөндө классташтарымды ата-энелери окууга ээрчитип кетип жатты. А мен айылда, үйдө калдым. Коркконумдан батынып окуйм деп айта албай жүрдүм. Бир күнү:

– Шаарга барып эжеңе жардам бер,- дедиң сен кебелбей туруп.

– Окушум керек,- деген сөз оозумдан өзүнөн-өзү чыгып кетти.

– Ошол эжең окутат,- деп мени шаарга карындашыңдыкына салып жибердиң менден кутулганга шашкандай. Жеңем ал учурда ооруп калбаса, балким, мени окууга тапшыртмак деп азыр да ойлоп жүрөм. Ал оору менен алышып жатып, мени деле ойлоно албады көрүнөт. А сен мени жөн гана көрбөй койдуң. Азыр да көрбөгөн бойдонсуң.

Классташтарым студенттик күндөрдүн барагын ачып жаткан кезде мен түйшүктүн жүгүн тартып, эжемдин балдарын багып, үй ишин жасап жаттым. Жыл жаңыргандан кийин мени ала качып кетти. Эжемдин тааныштарынын баласы экен, өзү барып “мындай жерди таппайсың, мындан ары эч жакка батпайсың” деп туруп отургузуп кетти. Айла жок жашап калдым. Атам болсо менден кабар алган жок. Жеңеме рахмат, төшөнчүмдү камдатып берип жибериптир. 3 балалуу болдук, үй салдык, канча той бердик. Кайын журтум атамдарды чакырганын койбойт. Же ал бир келип койсочу. Ата, сенин айыңдан жолдошумдун, кайын журтумдун алдында басынып бүттүм. Сен мага эч качан ата боло албадың...


Кызың Мунара


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
12.04.2021. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир адам ар башка. Азыр балдарын, жолдошун, ден соолугун бар экен. Атандын мунозу коп нерсеге маани бербеген тунт киши окшойт. Ага таарынып кереги жок. Ар бир нерсенин дайым жакшы жагын ойлонуу керек. Таарынып, кутуп, кайгыра берсен оорууга кабыласын. Атан келбесе сен жолук, кутуп отура бербей. Женен менен катташ. Балким себеби бар.Ар кандай психологический ооруунун синдромдору бар чыгаар. Жумуш кылганын эч нерсе эмес, зордуктап салгандар канча? Кок ала кылып ургандар толтура.
12.04.2021. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Женендин барына шугур кыл. Ата энеси бар туруп мээрим корбогондор бао. Мээрим корбой калсан, ошол мээримди эми балдарына ток. Кечиргенди уйрон кейибей. Мени атам кичинемде ичип келип чыркыратып сабачу. Денем дайыма кок ала болчв. Азыр 60 ашса кыялы не подарок. Кайын журтуна атан президент болсо да, сени жашоонуу тушунбогон байдын эрке кызы демек.Баарына жаккыдай доллар эмессин. Элдин оюн угуп эмне кыласын? Андан коро оз жашоонду озун кооздо. Атан мээрим токпосо, сен уйрот.
12.04.2021. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балким атан да сага окшоп мээрим корбой чонойгон, жылуулукту билбейт, сезген эмес. Кокурогуно суйуу уюган эмес. Уютку,тамыр, идирек болбосо сага кайдан бермек? Кыз, аял деген боорукерлик, мээрим, суйуунун булагы. Мына биз таркатабыз. Же атана баоып, мээрим тогуп, журогун жылытып, аралыгынды жакындатып, муздаган конулун жылытасын. Же ушинтип кейип, мээрим корбогонуно атанды себепкер кылып, кейип, кайгыга муунуп журо бер. Эки варианттын бироосун ОЗУН ТАНДА!!!
14.04.2021. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин баамымда атаныз сизди кайсы бир нерсеге айыптайт. Балким апаныздан катуу конулу калып, сизди анча суйбойт. Эгер ошондой болсо кайсы бир куну сизди жон эле жактырбаганына кечирим сурайт же оз чындыгы оз башы менен кетет. Балким апаныз экоонун ортосунда сиз билбеген бир сыр бар.
akmanai түзөттү 2021-04-14 15:13:51
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо