№957 8-14-апрель, 2021-ж.
Дайыма көгөрүп туруучу ийне жалбырактуу дарактар короого көрк берет. Мындан тышкары
микробдорду өлтүрө турган фитонциддерди абага бөлүп чыгаргандыктан, алар өскөн айланада микробдор өтө аз
болот. Түбүндө эс алып отурсаң чарчаганың жазылат. Ийне жалбырактуу дарактардын бою бийик өсүүчүлөрү,
бадал сымалдары да бар. Учурда суроо-талапка ээ болуп жаткан породаларды көчөтүнөн отургузуу боюнча кеңеш
беребиз.
Боюнун бийиктиги – 1,5-2 метр
Туурасы – 80 сантиметр
1 жылда канча сантиметрге өсөт – 3-4 сантиметр
Формасы – конус түрүндө
Суукка чыдамдуулугу – 30 градуска чейинки суукка чыдамдуу. Тамыр системи бекем болбогондуктан шамал тийбеген жерге отургузуу керек. Анткени убакыттын өтүшү менен тереңдеги тамырлары өлүп, үстүнкү тамырлары менен гана топуракта кармалып калат.
Кандай жерге өстүрүүгө болот – короого, террасага. Жарым көлөкөлүү, шамал түз тийбеген жерге.
Кыркып формага келтирүүгө болот.
Боюнун бийиктиги – 0,6-0,8 метр
Туурасы – 40 сантиметр
1 жылда канча сантиметрге өсөт – 3-4 сантиметр
Формасы – шар түрүндө
Суукка чыдамдуулугу – 20-25 градус суукка чейин чыдамдуу
Кандай жерге өстүрүүгө болот – короого, террасага. Жарым көлөкөдө жакшы өсөт.
Кыркып формага келтирүүгө болот.
Боюнун бийиктиги – 1,5-2 метр
Туурасы – 1-1,3 метр
1 жылда канча сантиметрге өсөт – 4-5 сантиметр
Формасы – шар түрүндө
Суукка чыдамдуулугу – 30 градуска чейинки суукка чыдамдуу
Кандай жерге өстүрүүгө болот – короого, террасага.
Кыркып формага келтирүүгө болот.
Боюнун бийиктиги – 5 метр
Туурасы – 1-1,5 метр
1 жылда канча сантиметрге өсөт – 7-10 сантиметр
Формасы – ичке конус түрүндө
Суукка чыдамдуулугу – 35 градуска чейинки суукка чыдамдуу
Кандай жерге өстүрүүгө болот – короого, террасага. Күн тийген жерге да, көлөкө жерге да.
Кыркып формага келтирүүгө болот.
Боюнун бийиктиги – 5-5,5 метр
Туурасы – 2-2,5 метр
1 жылда канча сантиметрге өсөт – 20-25 сантиметр
Формасы – колонна сымал
Суукка чыдамдуулугу – 30 градуска чейинки суукка чыдамдуу
Кандай жерге өстүрүүгө болот – короого. Күн тийген жерге да, көлөкө жерге да.
Бул туяны эшиктин алдына же огородго коргон, кашаа, тосмо ордуна тиксе жакшы.
Кыркып формага келтирүүгө болот.
Боюнун бийиктиги – 5 метр
Туурасы – 2 метр
1 жылда канча сантиметрге өсөт – 15-20 сантиметр
Формасы – пирамида сыяктуу
Суукка чыдамдуулугу – 25-30 градуска чейинки суукка чыдамдуу
Кандай жерге өстүрүүгө болот – короого, күн тийген жерге да, көлөкө жерге да.
Кыркып формага келтирүүгө болот.
Көчөттү казуудагы талаптар
Ийне жалбырактуу дарактарды өтө шорлуу жерге отургузса тамыры күйүп калат, саздуу жерлерде тамыры чирийт.
Көчөттү башка жакка отургузуу алдында же сатуу үчүн казар алдында аны жакшылап сугаруу керек.
Түбүндөгү топурагы менен кошо казылып, аны таар же целлофан менен ороп, сыртынан зым же зым тор менен чырмап
байласа болот. Муну топурак-түйүнчөк (ком) деп койсок болот.
Отургузуу үчүн талаптар
Көчөт топурак-түйүнчөгү же гүл челектеги топурагы менен кошо отургузулат. Болбосо тамырлары кургап, өлүп
калат.
Отургузулуучу чуңкур топурак-түйүнчөктүн же отургузулган гүл челектин бийиктигинен 15 сантиметрге чуңкур, ал
эми
диаметри 20 сантиметрге кенен болушу шарт. Бул көчөттүн тамырынын жайылып өсүшү үчүн керек.
Кандай топуракка отургузулат?
Чуңкурга ташталып толтурулуучу топурактын курамы төмөнкүлөрдөй болсо жарайт:
Сугаруу
Түбү нымдуу болуп туруусу шарт. Жайкы саратанда күн 35-40 градус ысыса күндө кечки саат 9 менен таңкы саат
5тин
аралыгында шланг менен төбөсүнөн ылдый чачыратып сугаруу керек. Калган учурда түбүндөгү нымынын аз же көбүнө
карап сугара берүү кажет.
Материалды даярдоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн Бишкектеги агроном Анвар Эркибаевге жана Энвер Гареев
атындагы ботаникалык бактын агроному Нурлан Албановго ыраазычылык билдиребиз.
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Баалары өтө кымбат болот экен. Ишенбесеңер барып көргүлө 1 ушундай чарчайган дарак жанагы живой из городок деп койчу элек го ошондой даракты көрдүм 250 000 деп турат аны ким алат десең мобул арчага окшош балатылар 10 000сомдон жогорку экен