Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№958 15-21-апрель, 2021-ж.

  1. ОРОЗОГО ВИТАМИНДҮҮ ТАМАКТАР

  2. Орозо туткан адам 15 сааттай ачка жүрөт. Бул учурда организмге күч келтирбеш үчүн ооз бекитүү, ооз ачууда тамак-аштардын витаминдүү, сиңимдүүлүгүнө көңүл буруу абзел. Менюңузга төмөнкү орозого ылайыктуу даамдарды сунуштайбыз.

  3. БУУГА БЫШКАН БАЛЫК

  4. Керектелүүчү азыктар:

    Балык – 1 даана

    Зайтун майы – 2 аш кашык

    Лимон – 1 даана

    Сабиз – 2 даана

    Болгар калемпири – 1 даана

    Брокколи – 100 грамм

    Түстүү капуста – 100 грамм

    Буурчак (жашылы) – 50 грамм

    Петрушка – 3-4 талча

    Туз, мурч – татымына жараша

  5. Даярдоо ыкмасы:

    1. Балыкты жууп, тазалап, чоңураак кесимдерге бөлөбүз да, ашкана кагазы менен кургатып аарчыйбыз.

    2. Лимондун ширесин сыгып, петрушканы майда туурап, алардын үстүнө өсүмдүк майын жана татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырып, маринад даярдайбыз. Маринадды балыкка сүйкөп, 30-40 мүнөткө муздаткычка салып коёбуз.

    3. Сабизди жарым тегерек, болгар калемпирин төрт бурчтук кылып туурайбыз. Брокколи, түстүү капустаны тутамынан ажыратабыз. Эми булардын баарын идишке салып, үстүнө жашыл буурчакты, зайтун майын, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз.

    4. Буулап бышырууга ылайыктуу идишке балык менен жашылчаларды өз-өзүнчө салабыз. 20-30 мүнөттө жашылча менен балыгыбыз даяр болот. Балыктын жанына жашылчаларды салып, лимондун кесими менен кооздоп дасторконго берсеңиз болот.

  6. МАШ ШОРПО

  7. Керектелүүчү азыктар:

    Уй же кой эти – 400 грамм

    Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

    Маш – 100 грамм

    Брокколи – 100 грамм

    Помидор – 2 даана

    Пияз – 1 баш

    Сабиз – 2 даана

    Болгар калемпири – 2 даана

    Сарымсак – 2 тишче

    Укроп же петрушка – 3-4 талча

    Туз, мурч – татымына жараша

  8. Даярдоо ыкмасы:

    1. Этти чоңураак көлөмдө туурап, казанга салып, үстүнө 3 литрдей суу куюп, отко коёбуз. Кайнайын деп калганда шорпонун чий көбүгүн алып, татымына жараша туз кошуп, жай отто бир сааттай кайнатабыз.

    2. Эт быша жаздап калганда таза жуулган машты шорпого салып,
    20 мүнөттөй кайнатабыз.

    3. Жуулуп тазаланган пияз, сабиз, болгар калемпири, помидор төрт чарчы, ал эми сарымсак майда тууралат. Көмөч казанга куюлган май ысыган кезде алгач пиязды, анан сабизди салып, туз, мурч кошуп 10 мүнөттөй кууруйбуз. Андан соң болгар калемпирин салып 5 мүнөт, анан помидор менен майда тууралган сарымсакты кошуп 2 мүнөт кууруп алабыз.

    4. Эми казанда кайнап турган шорпого куурулган жашылчаларды жана брокколини салып 5-7 мүнөттөй кайнатабыз. Шорпобуз даяр. Аны чоң чыныга куюп, үстүнө майда тууралган укроп же петрушкадан себелеп дасторконго берсеңиз болот. Тамагыңыз даамдуу болсун!

  9. ТООК ЭТИ МЕНЕН ПАСТА

  10. Керектелүүчү азыктар:

    Макарон – 200 грамм

    Сууга бышырылган тоок эти – 200 грамм

    Помидор – 100 грамм

    Зайтун майы – 3 аш кашык

    Ашкөк – 3-4 талча

    Туз – татымына жараша

  11. Даярдоо ыкмасы:

    1. Макаронду кайнап жаткан туз татылган сууга салып бышырып, сүзүп алуу керек.

    2. Алдын ала сууга бышырылган тоок этин чоң-чоң кылып туурап алабыз.

    3. Помидорду чарчы, ашкөктү чоң-чоң туурап, даяр болгон азыктарга кошуп, аларды зайтун майы менен аралаштырып коёбуз. Жеңил пастабыз даяр.

  12. ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ!

    Ооз бекитүү. Саарлыкта бир күндүк энергиянын булагы бар. Андыктан сөзсүз туруу керек. Жумуртка, тоок эти, буурчактын түрлөрү, сыр, быштак, күрүч, сулу боткосу сыяктуу углеводго бай азыктар менен тамактанган оң. Ачкалыкты сезбейин, суусабайын десеңиз таттуу, туздуу, майонез кошулган азыктар, алма, апельсин, тез татымдар, кофе жана газдалган суусундуктардан баш тартыңыз.

    Ооз ачуу. Оозду убагында ачууга шашылуу зарыл. Дароо тамакка өтпөй, суудан көбүрөөк ичкен оң. Суу ашказанды тамакка даярдап, жеген тамактын сиңимдүүлүгүн жогорулатат. Ооз ачууга курма да сунушталат. Ал пайдалуу заттарга бай жана ачка болуу сезимин басаңдатат. Организмге бат сиңүүчү жеңил тамак-аштар, жашылча салаттары сунушталат. Майлуу, куурулган күчтүү тамактардан тоё жебеңиз. Ден соолугуңуз жабыркашы мүмкүн.
     

  13. Динара Акимова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(3)
19.04.2021. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Орозону адам алына жараша кармаш керек. Азыркы учурда адамдарга иммунитет керек. Тамакты тез тез жана кобуроок жеп туруш керек. Тамак аз жегенде имун тушуп кетет
25.04.2021. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhazgul98, Инстаграм Берси кандай Адам экендигин коройн
22.04.2021. 05:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бардык мучолорун аман болгондон кийин орозо кармоо ар бир адамга парз,башка амалдарын озун учун болсо орозо кармоо Аллах учун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо