Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АРТЫНДА КАЛГАН ТУЯГЫН КӨРБӨЙ КЕТТИ

№416 22-28-октябрь, 2010-жыл.

Элесине гүлдесте

Арман, арман! “Бул дүйнөдө эмне кыска, өмүр кыска” деген ыр саптары уккан адамды ойго салат. Мына ушул саптар аты жумурай журтка таанылып калган Медер Осмоналиевдин тагдырына дал келип отурат. Жаш акындар арасында таасирдүү саптары, радио журналистикасында өз орду бар Медер Осмоналиев катуу оорудан улам 29 жашында жарыкчылык менен кош айтышты. Жаш акын Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Тоо айылында 1981-жылы жарык дүйнөгө келген.
БГУнун журналистика факультетин аяктаган соң эмгек жолун “Кыргызстан Обондору” радиосунда жаңылык даярдап, эфирге алып чыгуу менен баштаган. Мындан сырткары биздин “Супер-Инфо” гезитинде штаттан тышкары иштеп, спорт жаңылыктарын жазып жүргөн. Ошондой эле учурда угармандар арасында оозго алына баштаган “ЭлFM” радиосунун директорлук кызматын аркалап жаткан эле. Аталган радио түйүндүн түптөөчүлөрүнүн бири десек да жарашат.
Эки ырлар жыйнагы жарык көргөн. Медердин ырларын Гүлнур Сатылганова, Гүлнара Кахарова, Кенже Дүйшеева, Ильяз Абдыразаков, Мирбек Атабеков, Нуриса Абазова, “Импульс” тобу аткарып жүрүшөт.
Мүнөзү токтоо, иш кыларда алдын ала ойлонуп кадам таштаган Осмоналиев акыркы убакта катуу ооруга чалдыккан. Көк боорун алдырган соң басып бара жатыппы, машина айдап баратыппы, уктап кала берчү адат жабышкан. Акыркы күндөрү буттары да иштебей калган. Мына ушундай дарттын айынан артында калган туягын да көрбөй кетти. Бир күн мурда жарык дүйнөгө келген баласын мурдунан чымчып өппөй кете бергенден артык арман барбы, бул дүйнөдө?
Поэзия айдыңы, журналистика тармагы, бүтүндөй кыргыз калкы оор жоготууга учурады, бирок Медер Осмоналиев деген ысым унутта калбайт.

Р.S. «Супер-Инфо» гезитинин жамааты Медердин ата-энесине, бир туугандары­на, өмүрлүк жарына терең кай­гыруу менен көңүл айтат.
«Миң Кыял FM» радиосунун эмгек жамааты Медердин жакындарынын азасын тең бөлү­шөт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(19)
25.10.2010. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
арты кайрылуу болсун
25.10.2010. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arti kayriluu bolsun,oo arman duyno
25.10.2010. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
артылуу кайрылуу болсун!!! артында калган уулу аман болсун!
25.10.2010. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ARTI KAIRILUU BOLSUN...
26.10.2010. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arty kayirluu bolsun!!!!!!!!!
26.10.2010. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх бир кем дуйно деп ушуну айтат да,аябай кайгырдым.Арты кайрылуу болсун,жаткан жери жаннаттан болсун(((((((((((((
26.10.2010. 04:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Iyiman salamat bolsun!!! :(:(:(
26.10.2010. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aртында калган баласына омур берсин! Арты кайрылуу болсун, кудайым жараткан алла таалам бейиштен жай берсин,оомийин аллаху акбар!
26.10.2010. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арты кайырлуу болсун!!! Медердин ыр саптары кыргызымдын журогундо унутулбай ырдалып журо берет!!!
26.10.2010. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!!!Аттин........арман дуйно......
26.10.2010. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арты кайрылуу болсун! Баласы атасынын жолун жолдогон чыгаан уулдардан болсун!
26.10.2010. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Topuragy torko bolsun jakwy adamdardan ele tagdyr ekenda ayla jok
26.10.2010. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу.топурагы торко болсун!Бейиштикти аралап журсун!Калган омурун уулуна берсин кудайым.
27.10.2010. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арты кайрылуу болсун.Кандай окунучтуу окуя.
27.10.2010. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
((( Жайын жанаттан болсун! Биз сени унутпайбыз!
27.10.2010. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арты кайрылуу болсун мен Медер байкени кумир тутчумун абдан жакшы киши болчу жакындарыеа кайрат айтам
29.10.2010. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жатканы жери жайлуу болсун!!!
Куноолорун кудайым озу кечирсин бейиштен орун алсын!!!!!!!
01.11.2010. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арты кайрымдуу болсун,калган омурун уулуна берсин жараткан
27.05.2013. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алла жараты алла алат деге ушула арты кайырлуу болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо