№959 22-28-апрель, 2021-ж.
Кыргыз мушкери раунд сайын атаандашына үстөмдүк кылып, таамай соккуларды узатып жатты. Жетинчи раунддан кийин Никита Кузнецов беттешти улантуудан баш тартты. Муну менен Акжол Сулайманбек уулу 16-жеңишин камсыздады. Ал өткөн жылы март айында алгач ирет жеңилүү ызасын тартып калган. Ушул эле турнирдин алкагында дагы эки кыргыз мушкери беттешке чыкты. Абдурахман Абдурахманов калыстардын чечими менен жеңишке жетишсе, Бек Камчыбеков атаандашына жеңилип калды.
Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |