Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Адил Сейталиев, скульптор: “БИШКЕК БААТЫРДЫН АЙКЕЛИНЕ МЕЗГИЛ БАА БЕРЕТ”

№959 22-28-апрель, 2021-ж.

Жакында борбор калаада Бишкек баатырдын эстелигинин ачылышы болду. Шаар тургундары, интернет колдонуучулар эстеликке карата бир топ сындарды айтышты, дагы эле айтылып жатат. Мисалы, кыргыз баатыры эл алдында баш кийимсиз чыккан эмес, баатырлардын сакал-муруту болгон деген сын. Айкелдин автору Адил Сейталиевди кепке тарттык. Жарандар "кемчилик" деп сыпаттап жаткан жагдайлар тууралуу скульптор өз оюн айтты.

– Адил мырза, Бишкек баатырдын эстелигин качан, кантип жасап калдыңыз?

– 2020-жылы Бишкек мэриясы Бишкек баатырдын эстелигин жасоого ачык сынак жарыялаган. Сынакка скульптор, архитекторлор болуп жалпы 18 адам катышкан. Сынак 3 этаптан өтүп, акыркы этапта Бишкек баатырдын эстелигинин ушул мен түзгөн варианты кабыл алынган. Сынак жалпы жонунан бир жылга созулду.

– Бишкек баатырдын эч жерде сүрөтү жок, адабияттарда баатыр тууралуу ар түрдүү маалыматтар айтылып келет, образды кайдан алдыңыз?

– XVII кылымда кыргызда сүрөт (фотография) жок болгондуктан, Бишкек баатырдын айкелин жасоодо тарыхчылар, санжырачылар жазып, айтып келген маалыматтарга таяндым. Сокулук районунда Бишкек баатырдын урпактары жашайт, алар берген болжолдуу маалыматка да таяндым, жыйынтыгында ушундай айкел жаралды.

– Коомчулукта “кыргыздын баатыры эл алдында эч качан баш кийимсиз жүргөн эмес” деген сын айтылууда, кошуласызбы?

– Башында бир нече эскиз жасалган. Калпакчан дагы, тебетейчен дагы варианттары болгон. Бирок азыркы вариантты Бишкек баатырдын мүнөзүн, сүрдүүлүгүн чагылдыруу үчүн топучан калтыргам. Образ деген реалдуу окшоштук эмес. Образ – бул адамдын мүнөзүн чагылдыруу.

– Баатыр дегенде көз алдыга сакал-муруту бар, сөөлөттүү адамдын элеси тартылат эмеспи. Сиздин эмгек бул стандартты бузду...

– Илгери бала атасы тирүү кезинде сакал койгон эмес. Бул көрүнүш уят болуп эсептелчү. Баатырдын баары эле сакалдуу болгон эмес. Азыркы учурда 18-19 жаштагы жаштар сакал-мурут коё башташты. Бул өңдүү көрүнүштөрдү азайтуу максатында ушундай образ жаратылды.

– Баатырдын курундагы эн тамганы Тойотанын эмблемасы деп жатышат, окшоштукпу?

– Алыстан караганда окшошуп кетиши мүмкүн. Бирок жакын келип караганда баатырдын курундагы солто уруусунун ай тамга белгиси экени көрүнөт.

– Айрымдар айкелди учурдагы президенттин сырт көрүнүшүнө окшоштуруп жатышат. Сизге мындай окшоштук сезилген эмеспи?

– Балким, кимдир бирөө учурдагы президентке окшоштуруп жаткандыр. Бирок эки жыл мурун бул долбоор башталганда Садыр Жапаров президент болот деген ой болгон эмес.

– Бүткөн ишке сынчы көп деген сөз бар эмеспи. Ошентсе да айкелде кандайдыр бир кемчиликтер бар деп эсептейсизби?

– Жакшы-жаман сындар айтыла берет. Бирок бул эстеликтин жакшы же жаман экенин азыр мен дагы, эл дагы айта албайт. Анткени эстеликке бааны тарых менен убакыт берет. Өз убактысы келгенде баары ордуна коюлат.

– Маегиңизге рахмат. Сизге ийгилик каалайбыз!

ЭСТЕЛИКТИ ЖАСООГО 8 МИЛЛИОН СОМ ЖУМШАЛГАН

Эскерте кетсек, борбор шаарда Бишкек баатырдын эстелигин жасоого, орнотууга жалпы 8 миллион сомдон ашык акча жумшалган. Мынча каражатты "Бишкек баатыр" коомдук бирикмеси марафондо чогулткан. Бийиктиги 3,5 метр болгон колодон жасалган эстелик шаардын Эркиндик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишине коюлду.


Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
26.04.2021. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул с.калардын асылганы эле сакал
Tyty1990 түзөттү 2021-04-26 12:50:39
27.04.2021. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туурасын айтыш керек,баатырга окшошпой калган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо