№960 29-апрель-5-май, 2021-ж.
АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 261 турниринин алкагында кыргыз мушкери Валентина Шевченко бразилиялык Жессика Андрадени техникалык нокаут менен утту. Муну менен ал 5-ирет чемпиондук наамын коргоду. Шевченко беттештин 2-раундунда атаандашын жыгып, эки колун бууп, үстүнө чыгып, дембе-дем соккуларды узатканда калыс беттешти токтотту. Жеңишинен кийин Валентина Шевченко адатка айланган лезгинкасын бийлеп, Кыргыз өлкөсүнө салам жолдоду. Шевченко бул беттеш үчүн 430 миң доллар алды.
Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |