Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№960 29-апрель-5-май, 2021-ж.

  1. ШАШЫЛЫШТА ШАМ-ШУМ ЭТИП АЛЫҢЫЗ

  2. Жаз келип көк чөптөрдүн түрү жайнап чыккан учур. Орозо айында аларды тамак-ашка колдонсок организмди витаминдер менен камсыздайт. Бул сапар алардан бат даярдалчу тамак-аштарды сунуштайбыз.
     

  3. ЖУСАЙДАН РАВИОЛИ

  4. Керектелүүчү азыктар:

    Камыр үчүн:

    Ун – 200 грамм

    Жумуртка – 1 даана

    Туз – татымына жараша

    Туурамжы үчүн:

    Быштак – 100 грамм

    Жусай – 1 боо

    Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

    Туз, мурч – татымына жараша

  5. Даярдоо ыкмасы:

    1. Унга жумуртка, туз кошуп камыр жууруп, 20 мүнөттөй тыныктырып коёбуз.

    2. Жусайды жууп, туурап идишке салабыз. Үстүнө быштак, татымына жараша туз, мурчту салып, өсүмдүк майы менен аралаштырабыз.

    3. Даяр болгон камырды экиге бөлүп жука кылып жайып, бетине даяр болгон туурамжыны салабыз. Үстүнө жука жайылган экинчи камырды жаап, туурамжы салынган жердин айланасын колубуз менен басып бириктирип, андан соң өзүбүз каалаган формада – тегерек же төрт чарчы кылып бөлүп алабыз.

    4. Казанда кайнап жаткан сууга туз татытып, ага равиолини салып, аралаштырып турабыз (касканда бууга бышырсаңыз да болот). Кайнап чыккандан 5 мүнөттөн кийин сүзүп чыгарып, үстүнө каймак май сүйкөп, дасторконго берсеңиз болот.
     

  6. ШПИНАТ, СЫР КОШУЛГАН «ҮЛҮЛ»

  7. Керектелүүчү азыктар:

    Каттама камыр (ачытылбаган) – 300 грамм

    Сыр – 50 грамм

    Жумуртка – 2 даана

    Шпинат – 2 боо

    Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

    Күнжүт – 1 чай кашык

    Туз, мурч татымына жараша

  8. Даярдоо ыкмасы:

    1. Шпинатты майда туурап алабыз. Ысып турган табага өсүмдүк майын куюп, шпинатты салып 1-2 мүнөт демдейбиз.

    2. Шпинатты идишке салып, үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды кошуп, бир жумуртканы чагабыз. Туз, мурч кошуп, аралаштырабыз.

    3. Даяр каттама камырды жука кылып жайып, 5 сантиметр келген узун кесимдерге бөлүп алабыз. Кесимдердин ортосуна туурамжыдан салып, камырдын четтерин чымчып бекитебиз.

    4. Узун болуп бекитилген камырларды түбүнө пергамент кагаз төшөлгөн электр мешинин табасына спираль түрүндө ороп жайгаштырабыз да, үстүнө жумуртканын сарысын сүйкөп, күнжүт себебиз. 180 градуста ысып турган электр мешине 20 мүнөткө салабыз. Пирогубуз даяр!
     

  9. «ДИЕТА» САЛАТЫ

  10. Керектелүүчү азыктар:

    Алма – 2 даана

    Грек жаңгагы – 5-8 даана

    Руккола – 70 грамм Зайтун майы – 2 аш кашык

    Күнжүт – 1 аш кашык

    Лимон согу – 1 аш кашык

    Туз – татымына жарашы

  11. Даярдоо ыкмасы:

    1. Рукколаны жууп идишке салабыз. Рукколанын ордуна корей капустасын же салат жалбырагын колдонсоңуз да болот.

    2. Кабыгы аарчылган алманы төрт чарчы туурап, рукколанын үстүнө салабыз.

    3. Аларга тазаланган грек жаңгагын, зайтун майын, күнжүт, туз кошуп, лимондун согун сыгып аралаштырабыз. Жеңил салатыбыз даяр!
     

  12. "ЖАЗ" САЛАТЫ

  13. Керектелүүчү азыктар:

    Чымгыр – 6 даана

    Бадыраң – 2 даана

    Сабиз – 2 даана

    Консерваланган жүгөрү – 100 грамм

    Майонез – 2 аш кашык

    Укроп, көк пияз – 4-5 талча

    Туз, мурч – татымына жараша

  14. Даярдоо ыкмасы:

    1. Чамгырды, бадыраңды узун ичке кылып туурап алабыз.

    2. Сабизди сүргүчтөн өткөрөбүз.

    3. Алардын үстүнө жүгөрүнү кошобуз. Каалооңузга жараша аш көктөрдөн туурап, татымына жараша туз, мурч кошуп, майонез менен аралаштырып коюңуз. Эми "Жаздын" даамын татып көрүңүз.
     

  15. Динара Акимова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо