Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

НИКЕСИЗ ТӨРӨЛГӨН БАЛДАРДЫН УКУКТАРЫ ЧЕКТЕЛҮҮБҮ?

№417 29-октябрь - 4-ноябрь, 2010-жыл.

Ыйман жана салт

Учурда никесиз төрөлгөн наристелердин саны күн санап өсүүдө. Мындай көрүнүш качан эле кыргыздын салтында бар эле? Никесиз боюнда болуп калган айым уятына чыдабай, өз жанын өзү кыйганга чейин барчу. Ал эми азыр көндүм көрүнүшкө айланып бара жатат десек аша чапкандык болбос. “Мына ушул никесиз төрөлгөн балдардын укуктары кандай болот? Никеде төрөлгөн балдарга караганда укугу чектелүүбү?” деген суроолорго жооп издеп көрдүк.

Тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Октябрь Капалбаев “никесиз төрөлгөн балдардын укуктары чектелүүбү?” деген суроого төмөндөгүчө жооп берет:

– Мен азыркы учурду айтпай эле коёюн. Кылымдарды карытып, ата-бабабыз аздектеп келе жаткан каада-салтыбызга таянсак, никесиз төрөлгөн балдар элибизде терс кабыл алынат. Кыз атасынын төрүндө жүрүп төрөп койсо, бир үй-бүлөнү гана эмес, бүтүндөй урууну уят кылгандык. Илгери азыркыдай ата-энесинин көзүнөн алыс окуп, иштеп жүрүү жок болгон да. Кыздарыбыздын никесиз туруп кош бойлуу болгондоруна ата-энесинен алыс жүргөндүгү да чоң себеп болууда. Илгери кыз эгер турмушка чыкпай туруп төрөсө, анда наристенин ата-теги сүрүштүрүлчү эмес. Ал баланын мураскор болууга, мал-мүлккө ээ болууга эч кандай укугу жок болгон. Ар кимдин жылкычысы, койчусу болуп күн өткөргөн. Эгер никесиз төрөлгөндөн кийин атасы тааныса, уруунун башын кошуп той өткөрүп, элдин алдында “менин балам” деп жарыялаган. Андай балдар атасынын үй-мүлкүнө мураскор болууга укуктуу болушкан.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын кызматкери Мирзат Барпыбеков мындай дейт:

– Азыр кыз-жигит бир нече убакыт чогуу жашап, бири-бирин сынап көрүшүп, анан үйлөнүп жатышат. Бул шариятка таптакыр жат көрүнүш. Шарият боюнча келин босогону аттаары менен нике кыйылып, анан көшөгөгө киргизилет. Бойго бүткөндөн кийин эмес, жадакалса, нике кыйылбай туруп жыныстык катнашка барса чоң күнөө. Азыркылар өздөрүнчө нике кыйып алып эле, элге айтпай жашап жатышат. Пайгамбарыбыз (САВ) “никени жарыя кылгыла” деп айткан жана бул пайгамбарыбыздын сүннөттөрүнөн болуп саналат.
Исламда никесиз төрөлгөн бала эч күнөөлөнбөйт. Бул анын кемчилиги эмес, ата-эненин күнөөсү. Атасы баласы катары кабыл албаса, апасынын фамилиясын алып жүрөт да, апасынын мал-мүлкүнө ээлик кылат. Кимдир бирөөнүн “никесиз төрөлгөнсүң” деп айтып басынтканга укугу жок. Болгону, никесиз төрөлгөн баланын имамдык кылышына
(элди намазга жыгуу) жол берилбейт.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
30.10.2010. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекеттик регистрация болбосо, аялдар тепсендиде калат.
01.11.2010. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдан корккула!
04.11.2010. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ey baldarda emne kunoo baykushtar, ata-eneler, jashtar kichine joopkerchiluktuu bolup oylonup turmush surush kerek. ar bir naristenin kaloo menen jaryk duynogo kelgeni jakshy da...
04.11.2010. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aylayin,prezirvativ degendi dlya 4ego pridumali!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо