Кадыр Жарматов, актёр: “ЖУБАЙЫМ БАЛДАРЫМДЫ МЕНДЕН ДА ЖАКШЫ КӨРЧҮ”

№960 29-апрель-5-май, 2021-ж.

Шоумен, актёр Кадыр Жарматовдун жубайы Каныкей Саматова 32 жашында мезгилсиз дүйнө салды. 22-апрель күнү болгон каргашалуу окуяга байланыштуу эл арасында түрдүү маалыматтар тарады. Жубайынан айрылып, аза күтүп жаткан Кадыр Жарматовго, үй-бүлөсүнө ушак-айыңдар оор тийип жатат. Күйүткө батып, өксүп ыйлаган актёр окуянын чоо-жайын айтып берди.

– Кадыр мырза, жубайыңыздын арты кайырлуу болсун, сабыр кылыңыз! Бул темада сүйлөшүү сизге оор экени бышык. Жубайыңыздын ден соолугуна байланыштуу көйгөйү бар беле?

– Каныкей ооручу эмес, ден соолугу абдан жакшы болчу. Буга чейин, кышында “жүрөгүм кысылып, кулагыма бир нерселер угулуп жатат” дегенинен молдого алып барып дем салдырганбыз. Андан кийин жакшы болуп калган. Эки айдай жаркылдап эле жүрдү. Эртең мененки намазды калтырбай окуп жүргөнүнө жарым жыл болгон. Бизге эч нерсени айтпай баарын ичинде алып кетти.

– Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө жүрүм-туруму өзгөргөнүн байкай алдыңызбы?

– Көпчүлүк “кыргызчылык же жин илешкен эмеспи?” деп жатышат. Бул бир гана Алланын буйругу болду. Жубайым Кудай берген өмүрдү жашап, өз ажалы менен каза болду. Менин динден түшүнүгүм жакшы. Жакындарымдын, досторумдун арасында жин илештирип алгандарды билем. Андай учурда сүйлөгөн сөздөрү, жүрүм-туруму өзгөрүп калат. Мындай учурга өзүм күбө болгом. Жин кирип кеткен адамды молдого алып барып, колу-бутун кармап жардам бергем. Ал эми келинчегимде андай өзгөрүүлөр болгон жок. Сүйлөгөнү, мага да, балдарыбызга да мамилеси жакшы болчу. Болгону “жүрөгүм кысылат” деп айтып калчу. Анан көңүлүн көтөрүп койсом жакшы боло түшчү. Эшикке чыгып же шаарга бара турган болсо уктап жатсам да мени ойготуп “балдар кичинекей, ыйлап калбасын. Сыртка чыгып кетпесин, карап туруңуз” деп айтып кетчү. Мага караганда балдарын жакшы көрөт эле. Ушундай болорун билгенде жанынан такыр чыкмак эмесмин.

– Келинчегиңиз эмне менен алектенчү?

– Келинчегиме балдар дүкөнүн ачып жатканбыз. Өзү дагы жеке ишкерликке кызыгып жүргөн. Товарларды алып келип, баары даяр болуп калган. Дүкөндүн бүтө элек бир апталык иши калган болчу. Ошол бизнес кылуу планы ишке ашпай калды.

– Жакын курбулары менен мамилеси кандай эле?

– Тайпалаш 2-3 курбусу бар эле. Алар менен да көп катышчу эмес. Вотсаптан эле сүйлөшүп, бир жылда бир жолугушуп турчу. Негизинен үй-бүлө, балдар менен алек болчу. Анан жубайымдын курбуларында көрө албастык деген нерсе жок эле.

– Ортоңуздарда катуу таарыныч болгон эмеспи?

– Ортобузда эч кандай катуу таарыныч болгон эмес. Акыркы убакта биз бактылуу жашап жатканбыз. Уруш-талаш болгон учурда да ал мындай жолго бармак эмес. Балдарды таштап кетмек эмес. Акыркы жолу дем салдырып жакшы болгондон кийин, молдо акелерибиз “назар деген нерсе бар, этият болгула, эч жакка чыкпагыла” дешкен. Мындан улам келинчегим “жашоо биздики, тынч жашайлы” деп Инстаграм баракчамдагы мага жаккан видео, сүрөттөрдү алдыртып салган. Ошондуктан үй-бүлөбүзгө тиешелүү маектерден алыс жүргөнбүз. Ушул жылы, август айында баш кошконубузга 10 жыл болмок.

– Экспертизадан баш тартууга эмне себеп болду?

– Ошол экспертиза боюнча туура эмес маалымат тарады. Ал күнү мындай болду. Жубайым өз жанын кыйгандан кийин аны өзүм үйгө алып кирдим. Ошол маалда тамагы кыркырап жатыптыр. Аны жасалма жол менен дем алдырууга аракет кылдым, майнап чыккан жок. “Тез жардам” чакырдым. Алар да өмүрүн сактап калганга аракет кылышты. Алар “иним, кайрат кылыңыз, 3 сааттай болуптур, жетишпей калдык” дешти. “Тез жардамдын” артынан милиция келди. Алар өздөрүнүн жумушун аткарат экен. “Мындай окуяларда киши колдуу болуп, асып коюшкан учурлар да кездешет” деп, териштиришти. Андан кийин экспертиза келди. “Аялыңдын денесин текшерип көрөлү” дешти. Эркек киши болгондуктан ага каршы болдум. “Аял киши келип текшерсин, эркек кишиге макул эмесмин” дедим. “Мен мыйзамды сыйлайм. Бирок шариятты да сакташыбыз керек да. Кантип менин аялымдын жылаңач денесин эркектер текшересиңер? Аял киши келип бардык жерин текшерсин” дедим. Башында моргго алып кетебиз деп чыгышты. Каршы болдум. “Текшерсеңер ушул жерден текшергиле” деп сөөгүн бербей койдум. Алар да түшүнүштү. Аял кишини чакырышты. Ал келгиче 2 саат өттү. Ошондо “экспертизадан баш тартты” деген маалымат тарап кетти. Аял киши келип денесине кароо жүргүзүп, сурашып, териштирип кетишти.

– Жубайыңыздын мүнөзү кандай эле? Балдарга кандай эне эле?

– Сабырдуу, токтоо болчу. Уруш-жаңжалды жек көргөн, жай отуруп сөз менен түшүндүргөн, тарбиялуу үй-бүлөнүн кызы эле. Мен башында ага катуу сүйлөп алчумун. Сезимтал мүнөзүн байкап мен да акырындык менен жумшак сүйлөп калгам. Бардык маселени жай отуруп сүйлөшүп, кеңешип чечим чыгарганга көнгөн элек. Төрт баланын ата-энеси болгондон кийин балдарга дагы жакшы жагыбызды көрсөтүп, туура тарбиябызды берип келгенбиз. Келинчегим балдарга да катуу сүйлөчү эмес, уруп тарбиялаганын бир дагы көргөн жокмун. Ушунчалык мээримдүү болчу. Балдарды сөз менен эле тарбиялады. Азыр улуу кызымдын мүнөзү апасына окшош. “Эркек киши сыртта иштеп, үй-бүлөсүн багат. Аял үйдө балдарды тарбиялайт” деп балдардын кем-карчын толукташ үчүн иштеп жүрдүм.

– 4 балаңыз бар экен, алар канчада?

– Эки уул, эки кызыбыз бар. Уулум 9 жашта, 3-класс, андан кийинки кызым 1-класста окуйт. Үчүнчү кызым 5 жашта, кичүү уулум июнда 2 жашка чыгат. Кичинекейибиз эмчектен чыга элек болчу. Ага абдан кыйын болду. Башында 2-3 күн уктаган жокмун. Кичинекейим апасынын сүрөтүн карап “апа, апа” деп көрсөтөт. Улуу балам баарын түшүндү. Жаназасына катыштырдым. “Чоңоюп калдың, жүрү, балам” деп топурак салганы алып бардым. Арадан убакыт өткөндө балам мага “ата, мен эмнеге апамдын жайына барып топурак салдым?” деп сурады (ыйлап). Жүрөгүм жанчылып “балам, ар бир бала энесине топурак салат” дедим.

Барсбек кичинекей болсо да сөзгө түшүнгөн бала. Буга чейин “ата, мен канча жашымдан баштап намаз окуйм? Мечитке бара берсем болобу?” деп көп сурачу. Азыр балдарымдын баары кичинекей, апасын тынбай сурашат. Чынын айтсам, жүрөгүм эзилип кетти (ыйлап). Азыр улуу балам эле билет. Кыздарым “апам ооруканада” деп күтүп жүрүшөт. Бир аптадан кийин мектепке барышат. Окуучулар баары бир жаш бала да. Апасы тууралуу сурап калышса же бирөөлөр айтып салышса кыздарым кандай абалда болушат? Ошондон корком. Улуу балама “мектепке барганыңда досторуң апаңды сурашса “бейишке кеткен” деп жооп бер” десем, “ата, кыжалат болбоңуз, биздин класста эки бала бар, алардын да апасы жок. Досторум мага эч нерсе дешпейт” деп кайра мени жоошутуп коёт (ыйлап).

“Балдарым апасыз калбаса экен” деп дайыма тиленчүмүн. Анткени мен өзүм да эне мээримин көрбөй чоңойгом. “Эмне үчүн башкалардын апасы бар, меники жок?” деп үйгө келип өксүп ыйлачумун. Азыр эми өзүмдүн балдарымдын башына келип турат. Ооба, бул дагы Кудайдын сыноосу, бирок жүрөктө чоң бир күйүт калып жатат. Мен бул нерсени эч кимге каалабайм. Акыркысы мен болоюн, башка эч кимдин башына мындай сыноо келбесин. Анан дагы айтар элем, бирөөнүн өлүмүнөн хайп жараткан инстаблогерлер, туура эмес маалымат тараткандар, мен абдан нааразымын. Мындай кылган туура эмес. Кудай сактасын, жамандык каалабайм, бирок ушунчалык нааразымын!

– Кайрат кылыңыз! Жараткан жубайыңыздын бейишин берсин!

“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Кадыр Жарматовдун жубайы Каныкей Саматованын мезгилсиз дүйнө салганына байланыштуу жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Гүлдана Мамадали кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(20)
03.05.2021. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эх журогум ооруду,ыйладым байкуш балдарга кыйын,сабр тилейм,озунуз акылдуу жансыз биз сизди тамашоудан кийин тааныйбыз сыйлайбыз,балдарыныздын бактысына сиз бар болунуз
03.05.2021. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Baldardyn kelechegi ken bolsun
03.05.2021. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
"Күчтүү аял" - бул өзүнүн жашоосундагы ролун жогору баалаган аял. Ал бироонун ою менен жашабайт. Бир гана озунун эркине гана баш ийет. Мындай эрки күчтүү аялдарга анын жашоо образы жөнүндө башкалар кандай ойдо экени маанилүү эмес. Күчтүү Аял жашоосунун туура эместиги жөнүндө комментарийлерди өткөрүп жиберип, ал максатка карай бара берет, ал эмнени каалаарын жакшы билет. Ал терс жакты чагылдырган ойлорго көңүл бөлбөйт.
03.05.2021. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
zhazgul98, неге дайыма ар тамада, не в тему жаза бересин?..
Же эптепле комменты жазсан болдубу))
03.05.2021. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
zhazgul98,товоо мына бир тантык неме экен да. Күчтүү аялдар чачыны кое бериш керек деп кошуп койбопсун.


Бейиштик болсун, калган өмүрүн балдарына берсин! Сабыр тилейм жакындарына! Эч бир бала энесинен эрте ажырабасын!
03.05.2021. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Begimkyz,
Аял бир эле күчтүү мүнөздүү эмес, сулуу да болушу керек. Ал үчүн мыкты чач жасалга жасатып, жарашыктуу кийим тандап дегендей. Өзүнүн сулуулугуна бекем ишенген аял, акыры, башкалардын бардыгын өзүнө ишендире алат. Кыздардын сырткы келбети жийиркеничтүү болсо, анын ички дүйнөсүн эч ким тааныбайт.
zhazgul98 түзөттү 2021-05-03 10:48:05
03.05.2021. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
zhazgul98,каерге болсо да дооруп кыпчыласын! Акылына береке, «кыздар мини юбка кийип, чачын жайып, сулуулугун даназалаш керек», дейсин бир туруп дагы ойду тоону дооруйсун! Озун ууланганын азсынып коомчулукту да уулабачы. Акылды мурда турмушта ойдо томонду коргон, косом адамдар айтчуу эле
03.05.2021. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
zhazgul98,бул жазганыңа Каныкей дин эмне тийешеси бар ?
07.05.2021. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhazgul98,азыркы 98 дердин ой жүгүртүүсү ушул болсо өлгөн экенбиз да
03.05.2021. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аллахым карындашыбызга бейиштен орун берсин.
03.05.2021. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Төө десе бээ дептирго бирөөлөр,Сабыр берсин,балдарынын бактысын тоодой кылсын Аллахым.
03.05.2021. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Сабыр тилейм.Эркектер аялыңарга көңүл буруп сүйүп,сыйлап тургула...
03.05.2021. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллах сабыр берсін Кадырбек.
03.05.2021. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кадыр ото жакшы инсан. Суйлошо келсен жонокой кичи пейил.жубайындын жаткан жери жайлуу болсун. Аллах бейишин берсин. Ар ким ар нерсени дооруй берет. Булдагы жараткандын сыноосу. Балдарына татыктуу тарбия берип.озунду колго ал.
03.05.2021. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаман болуп буулугуп окудум ыйладым. Сабыр кыл балдардын омурлору Узун ырыскысы мол болуп чонойсун. Энелер Аман болсун!
03.05.2021. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жайы жаннатта болсун... Сабыр...
04.05.2021. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялыга жин илешкен аны чоненелерге айтыш керек эле бир койду сойуп асып асып ырымдары бар ошону кылса сакайып кетмек
04.05.2021. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чала молдого алып барган окшойсун. жин шайтан азгырганы анык. ото окунучтуу. арты кайырлуу болсун.
04.05.2021. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабр
05.05.2021. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх кичикейлерге аябай эле кыйын. эч бир инсандын башына салбасын. Сабыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо