№961 6-12-май, 2021-ж.
Ал 79,38 килограммга чейинки салмак ченинде британиялык Крейг Ричардс менен кез келди. Беттеш калыстардын чечиминин негизинде Биволдун жеңиши менен аяктаган. Турнир Англиянын Манчестер шаарында өттү. Муну менен Бивол титулун жетинчи жолу коргоду. Ал 2017-жылдан бери WBA куруна ээлик кылып келет. 30 жаштагы мушкердин профессионалдык рингде 18 беттеши, 18 жеңиши бар.
Дмитрий Бивол Токмок шаарында төрөлгөн. Бокс менен 6 жашынан тартып машыгып, жаштар арасындагы Кыргыз курамасынын мүчөсү болгон.
Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |