№962 13-19-май, 2021-ж.
Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын чабуулчусу Гүлжигит Алыкулов тууралуу “Жига” аттуу даректүү тасма жарык көрдү. Тасмада Гүлжигит Алыкуловдун футболдогу карьерасы баяндалат. Даректүү тасма учурда Алыкулов ойногон алматылык “Кайрат” футболдук клубу тарабынан жарыяланды. “Кайраттын” башкы машыктыруучусу футболчунун өз алдынчалыгын жана жеңиш үчүн умтулган кайраттуу мүнөзүн баса белгиледи. Гүлжигит Алыкулов 2020-жылдын январь айында Беларусь өлкөсүнүн “Неман” клубунан Алматынын “Кайрат” клубуна өткөн. Жакында эле клуб менен 2023-жылдын аягына чейин кызматташуу тууралуу келишимге кол койгон.
Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |