ӨЗ АТЫН ЧАНГАН АТАКТУУЛАР

№417 29-октябрь - 4-ноябрь, 2010-жыл.

Адамдын аты анын тагдыры жана ден соолугу менен тыгыз байланышта экенин билебиз. Ата-энебиз азан чакырып койгон ысымды өмүр бою бийик тутуп, ал үчүн кызмат кылып, коргоп келебиз. А бирок кээ бир белгилүү адамдарыбыз лакап ат коюп, атын чангансып жүрүшөт. Сыягы, батыштан келген жорукту энчилеп алган окшойбуз.

ЫҢКЫЛАПТАН КИЙИНКИ ЖАҢЫ ЫСЫМДАР
Белгилүүлөр арасында ысым алмаштыруулардын соңкуларынан баштоону туура көрүп отурам.
Буга чейин Болот Шерниязов деген ат менен таанылган белгилүү саясатчы экинчи төңкөрүштөн кийин өз аты-жөнүн Болот Шер деп өзгөртүп алды. Бул кадамын агабыз ден соолугуна байланыштуу деп түшүндүрүп жүрөт.
Ал эми жакынкы эле күндөрдө дагы бир белгилүү инсаныбыздын ысым өзгөрткөнү белгилүү болду. Ал ким дебейсиздерби? Айтылуу Алымкул Үсөнбаев атабыздын уулу, белгилүү төкмө акын – Замирбек Үсөнбаев. «Пайгамбар жашына келип калганда эмне болгон?» деп таң калбаңыз. Төкмөнүн документтеги аты Мир экен. Бирок Замирбек атыгып, дал ошол ат менен калың журтка кадыры сиңген. Ошентип, Замирбек Үсөнбаев документтеги Мир деген ысымы боюнча жаңы орунга, филармониянын директорлугуна отурду.

БАТЫШТЫ ТУУРАППЫ ЖЕ ӨЗ АТЫНАН УЯЛЫППЫ?
Ал эми батыштын жылдыздары дээрлик баары сахнага өздөрү ойлоп тапкан жаңы ысымдар менен чыгышат. Айта кетсем, дүйнөдөгү ак терилүү рэпер Эминемдин өз аты – Маршалл Брюс Мэтерс.
Дагы бирин айтсам, атактуу Леди Гаганын документтеги аты Стефани Жоанн Анжелина Жерманотта экен.
Анан биздин жылдыздар куру калышмак беле?
“Сүйүү мага келе элек” деп сыздаган Айдин Шер да Эминем менен Каканын катарында. Ырчынын өз аты Алмаз экен. Ал эми Айдин деген ысым продюсери Динара Эсенгуловага байланыштуу. “А” дегени Алмаздын баш тамгасы, ал эми “дин” Динара эженин атынын башкы үч тамгасы. Кызык бекен?
Кыргыз шоу-бизнесиндеги ажарлуу Неляны ким билбейт. Нелянын өз аты – Элмира. Курбулары Эля деп эркелетип жүргөндүктөн, ошол эле сөзгө “Н” тамгасын кошуп койгон.
“Нукура кыргызмын” деп төш каккан рэперибиз Добр да лакап аты менен эл алдына чыкканы белгилүү. Анын чын аты – Адилет. Добр деген ысым Добранов деген фамилиясынын кыскартылганы.
Андан сырткары ырчыларыбыз Кумар Асановдун өз аты Руслан болсо, Карлыгач деген ырчы кызыбыздыкы – Кайыргүл. Бул кызыбыз азыр өз ысымы менен чыга баштады.
Айтылуу Ома менен Омардын азан чакырылып коюлган аттары – Өмүрбек.
«Бир эмес, эки кызым бар» деп чочуткан Назминин өз аты Назгүл экенин да көбү биле бербесе керек.
Өзүнө энчиленип коюлган атты ар ким кандай кылып өзгөртөт, ал нерсе өз эрки деңизчи. Бирок бармактайынан көөдөнүндө жүргөн ысымын чанып кеткенине жакындары, анан калса чыныгы ысымы капа болуп калбагай эле...

Залкарбек Карабалаев
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(11)
31.10.2010. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи адам заты оз атын чанганы туура эмес.
31.10.2010. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KymardЫ kѳbunѳn ele "Kѳgush" dep ukkam.
SÝrѳtÝ dalildep turat,fuuuu!!!
31.10.2010. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kumardyn aty Kogush emes, Ruslan, men any bilem
02.11.2010. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неляга озунун эле аты Элмира жарашат.
03.11.2010. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мобу Кумардын суроту кантет!Эркек деген эркектей болбойбу!УЯТТ!!
04.11.2010. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anyn e4 jamany jok. cenaga 4ykkandan kiyin ki4ine ozgo4oluk boluw kerek da. glavnoe, uda4niy nik nado pridumat' i jelatel'no po kyrgyzski ele
05.11.2010. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да все нормально...комент жазыштын деле кереги жок
08.11.2010. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chocolate, адамдын намысына келтирген сөздөрдү жазбаңыз!
08.11.2010. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Expert, сизге да эскертүү
22.11.2010. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анын эмнеси бар,алар оз атын чангыдай паспутторунан бери озгорткон жок го.Мисалы бизде окшош аттар коп кездешет го,ырчылардын арасында деле толтура (Бегимайлар,Алмаздар,Розалар) мына ошондой учурлар кездешкенде куп эле жарашат болуш керек андай лакап аттар
21.12.2010. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кумардын кебетесин...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо