Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛДЫН СУПЕРЛЕРИН БИРГЕ АНЫКТАЙЛЫ!

№417 29-октябрь - 4-ноябрь, 2010-жыл.

“Супердин” тандоосу-2010

Жамы журтка белгилүү болгондой, “Супер-Инфо” ар жыл сайын жыл жыйынтыгын чыгарып келет. Ушул жылда алгылыктуу иш жасай алган, эл оозунан түшпөгөн ар тармактагы инсандарды сыйлоо аземи шаңдуу концерт менен коштолуп, 29-30-ноябрь күндөрү борборубуздагы Спорт Ордосунда өтөт. Эмесе, 2010-жылдын мыктыларына талапкерлердин тизмесин жарыялайбыз.

Жылдагыдан айырмаланып, шоу-бизнес, саясат, спорт тармагынан сырткары кино жаатында да үзүрлүү эмгектенгендерди унутта калтырбай, мыктылардын арасына кошуп отурабыз. Баса, бул аземде “Супер сулуу-2010” сынагынын жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүгө январь айында куштун уясындай жылуу, табияты кооз Таиландга барып эс алып келүүгө жолдомо белек кылабыз.
Жылдын суперлерине добуш берүүнүн биринчи туру биздин расмий сайтыбызда жүргүзүлөт. Бул тандоодон суурулуп чыккан алдыңкы үчтүктөр “Жылдын мыктысы” деген наам үчүн концерт кезинде ат салышат. Калыстар тобунун курамы да өзгөчө. Муну азырынча сыр тута туралы. Чамдаңыздар, жылдын мыктыларын бирге тандайбыз!

ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЫ
Мирлан Баеков, “Кызыл өрүк
Дайыр Исмадияров, “Кара көзүм
Нурлан Насип, “Унуталбайм
Ынак Осмоналиев, “Мумиё дарың жок беле?
Султан Садыралиев, “Сүйүү тамчысы

ЖЫЛДЫН СУПЕР КЛИБИ
Дайыр Исмадияров, “Кара көзүм
Каныкей, “Кара чаң
Алихан, “Сагынуу
Гүлнур Сатылганова, “Жолукпай калсаң эгер...
Фархат Кеңешбек уулу, “Кайдагы сүйүү?

СУПЕР КИНО
“Талак”
“Уурунун махабаты”
“Байланыш”
“Жараланган турна”
“Аят”

Бурул Исмаилова
koom@super.kg


"Супердин" сурак бурчу

БЫЙЫЛ “ЖЫЛДЫН АДАМЫ” ДЕГЕН НААМГА КИМДИ КӨРСӨТӨТ ЭЛЕҢИЗ?

Жолдош Жупкаев,
48 жашта, инженер-механик:
– Апрель окуясына чейин эч ким деле иштеген жок. Аңгыча төң­кө­рүш болуп кетти. Кыскасы, эл үчүн эмгектенген бир да адамды көрө алган жокмун. Ой, коё тур, Роза Отунбаеваны көрсөтө алам. Кыйын кырдаалда эркек жасабаган жумуштарды жасап, кыргыз эли үчүн туруп берди.

Майрамбек Бөлөкбаев,
23 жашта, айдоочу:

– Бир гана Өмүрбек Текебаев “Жылдын адамы” наамына татыктуу. Текебаев кыргыз элинин жашоосун жакшыртуу камы менен Конституцияны өзгөрттү. Бир үй-бүлөнүн бийлиги өкүм сүрбөсүн деп парламенттик мамлекет кылууга кам көрдү.

Динара Акулова,
46 жашта, ырчы:

– Элибиздин канына “аял киши эл башкара албайт” деген түшү­нүк сиңип калган. Бирок президент айымыбыз Роза Отунбаева бул түшүнүктүн натуура экенин далилдеди. Ошол себептен “Жылдын адамына” президентибиз гана татыктуу деп ойлойм.

Токен Алагушова,
54 жашта, эсепчи:
– Бул же тигил деп аташ кыйын болуп жатат. Чыңгыз Айтматов, кечээ эле көзү өтүп кеткен залкарыбыз Жалил Садыков сыяктуу көч башы болгон адамдар азыр арабызда жок. Жогоруда аты аталган инсандарыбыздай баш-көз болчу адам жок калганына ичим ачышат. Ошондуктан эч кимди көргөзө албайм.

Нурила Шадыбекова,
38 жашта, китепканачы:
– Учурдагы президент айымыбыз Роза Отунбаева менен сыймыктанам. Эмнеге? Жөпжөнөкөй мисал, Америкага барган сапарында катардагы жүргүнчүлөрдүн учагы менен барды да, Барак Обама менен котормочусуз сүйлөштү. Эгер өзүнчө учак жалдаса, котормочу алып жүрсө, ага канча акча кетмек?..

Бекен Алымбеков,
21 жашта, магистрант:
– Жакында эле мекендешибиз Каныбек Сагынбаев бильярддын эркин пирамида түрү боюнча Дүйнөнүн чемпиону аталды. Ошондуктан “Жылдын адамы” наамын мен Каныбек Сагынбаевге ыйгармакмын.

Нуржан Матыева,
18 жашта, студент:
– Мен кайсы тармак болбосун, баарынан кабардар болуп турам. Жаштар министри Алиясбек Алымкуловду “Жылдын адамы” наамына татыктуу деп эсептейм. 7-апрелде октон коркпой алдыда жүрдү. Алиясбек мырза эл үчүн иштей алат.

Сүйүн Кулматова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(12)
01.11.2010. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылбек Сариев молодец адам экен, ушу адамга берет добуш элем...
спортчулардан Чынгыз Борбашевке салат элем
Шайырбек жакшы алыпбаруучу деп ойлойм...
01.11.2010. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдын мыкты адамы Сариев Акылбек албетте.Мыкты саясатчы билбейм ойлонуп жатам.Мыкты алып баруучу Шайырбектен башка татыктуу адам жок эсе тизмеде.Ырчылардан Нурлан Насип менен Гулжигит Калыков болушу мумкун.Мыкты айым татыктуу эч ким жок.Мыкты Мырза Ильяс болотко.Татык
02.11.2010. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Шайырбек Арапов деп чечтим. Добуш берем.
03.11.2010. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таиландга эмес, башка жакты тандаш керек, ал жакта климатический катастрофа болуп жатат ко.
04.11.2010. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдан кирип добуш берем?
04.11.2010. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmatty Cyper-Info Team,men dobush bere albai jatam,"dobush beryy chektelgen" dep jatat,kaidan kirip dobush bere alam?
Aldun ala raxmat!
04.11.2010. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sternchen,катталган күнүңүздөн 100 күн өткөн соң эгер Жаран статусуна ээ болсоңуз, эч кандай эскертүү албасаңыз, анда добуш берүү укугуна ээ болосуз.
04.11.2010. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен кайсы ырга добуш береримди билбей жатам, себеби суйуп калдым кантейинге добуш берейин дегем, ал бул жакта жокко.

видимо суперге акча бербей койгонго..
акча берсе балким списокко кошулуп калмак.

а так клип Гулнур эжеге буюрганы туура болсо керек.
04.11.2010. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guzalya, Superdi olturupsun gooo
04.11.2010. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guzalya,
жалаа жаап жатасыз. 30 күнгө коштошобуз.
05.11.2010. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
курсан асанов чолпонай омурбек текебаев нурлан насип тумар элтр элина абай кызы камчыбек сарыбаев каныбек сагынов
05.11.2010. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаным Айзат бир добуш калганы эптеп септеп ажарын тандасак...актрисалар сулуу кыз Элинага а жигиттерден белгилуу го Камчы конечно молодец...

Талант Алыбаев куудул инеттеги азыркы саясатчылардын кээ бирин ..туураган учун эле .......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо