Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАТКЕНДЕ ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИ КАЙРА КУРЧУДУБУ?

№963 20-26-май, 2021-ж.

Баткенде Ворух анклавы менен Ак-Сай айылы чектешкен жерге милициянын посту коюлду. Себеп – аймакта Кыргыз-Тажик жарандарынын жаңжалынын уланышы, тагыраагы, Тажик тараптын Кыргыз жарандарын сабап салганы. Постту эки тарап биргеликте орноткону айтылды.

Баткен ОИИББинин маалыматына таянсак, окуя мындай болгон: 17-майда Тажикстандын 2 жараны Ак-Сай айылында баратып жергиликтүү жашоочулардын намысына тийчү сөздөрдү айтышканда тургундар алары кармап алышат. Ал жерге келген Тажик чек арачысы да кармалат. Ушул эле күнү 3 Кыргыз жараны Ворухтун жашоочулары тарабынан кармалып, сабалат. Окуядан кийин эки тараптын бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп, кармалган жарандарды алмашышат. Бошотулган Кыргыз жарандары ооруканага жеткирилди. Тажикстан тарап Кыргыз жарандарын сабаган Тажик жарандары жоопко тартылат деп убада берди.

“Жаралган кырдаалдан улам Баткен жана Согди облусунун жетекчилери сүйлөшүштү. Алар чек арада жаралган көйгөйлөрдү ыкчам чечүү үчүн облус жетекчилери чек арада жума сайын жолугуп турууну макулдашты”- деп айтылат облустук администрациянын маалыматында.

Учурда сабалган жарандар ооруканада, абалдары туруктуу деп маалымдалды.


Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо