ИЙГИЛИКТҮҮ КОКУСТАН ОЙЛОП ТАБУУЛАР

№963 20-26-май, 2021-ж.

Заманбап жашоодо аларсыз жашоону элестетүү мүмкүн болбогон айрым буюмдар, тамак-аштар кокустан ойлонуп табылып, ийгилик алып келген.

НОБЕЛЬ СЫЙЛЫГЫ

Альфред Бернхард Нобель – швед химиги, инженер, ойлоп табуучу, ишкер жана филантроп. Ага атактуулукту динамитти ойлоп табуусу алып келген. Нобелге түрдүү 355 патент таандык.

Анын көзү тирүүсүндө бир жолу журналисттер жаңылышып, аны көз жумду деп гезитке некролог чыгарып жиберишет. Некрологдо аны “өлүм соодагери”, башкача айтканда, курал сатып киреше тапкан адам деп айыпташкан. Нобель некрологду окуган соң адамдардын эскерүүлөрүндө “өлүм соодагери” катары калууну каалабай, бардык байлыгын фонд түзүүгө жана физика, химия, медицина, адабияттагы эң мыкты жетишкендиктерге Нобель сыйлыгын тапшырып турууга мурас кылат.

ТЕМИР-БЕТОН

Франциялык багбан Жозеф Монье пальмаларды сатып жүргөн кезинде гүл челектер жерге түшүп сынып, пальмалар соолуп калган учурлар болот. Ушундан улам ал цемент чака жасоону чечет, чака бекем болуп сынбашы үчүн анын каркасын ичке темирден түзүүнү да ойлойт. Ошентип темир-бетон ойлонуп табылып, темир-бетон чакасы үчүн 1867-жылы июлда патент алган. Андан кийин темир-бетондуу шпал, көпүрө, устун жана башкаларга патент алган.

ШОКОЛАД ПАСТАСЫ

Италиянын Альба шаарынын жашоочусу Пьетро Ферреронун ата-энеси шоколад бизнеси менен алектенчү. Пьетро да момпосуйларды жасап, жергиликтүү жарманкелерде сатып жүргөн. Бир жолу ал үйдө узагыраак кармалып калып, ысыктан шоколаддар эрип калганын көрөт. Эмне кылсам деген Пьетро эриген шоколадды нандын бетине сүйкөп, сатууну ойлойт. Сүйкөп жатып ал Nutella шоколад пастасын ойлоп тапканын сезет.

“ЦЕЗАРЬ” САЛАТЫ

1896-жылы Италияда Кардини фамилиясын алып жүргөн үй-бүлөдө уул төрөлүп, аты Цезарь коюлат. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Цезарь агасы экөө АКШга кетет. Ал жактан чакан тамактануучу жай ачышат. Бир жолу майрам болуп, жасалган тамактардын баарын майрамдап жүргөндөр жеп кетет. Анан Цезардын достору келип калат. Буларга эмне даярдап берсем деген Цезарь болгону жумуртка, нан, соус, сарымсак, пармезан сырын жана салат жалбырактарын гана таап чыгат. Көп ойлонбой ал алардын баарын туурап, аралаштырып салат жасап, досторуна берет. Салат аларга жагып, элге жайылтышат. Ошентип “Цезарь” салаты ойлоп табылган.

СЫНБАГАН АЙНЕК

Франциялык химик Эдуард Бенедиктус лабораториядагы пробирка жана колбаларды жууган сайын айрымдары жерге түшүп, сынып калчу. Бирок бир ирет колбалардын бири жерге түшсө да сынбайт. Көрсө, ал колбада этил эфири, этанол жана нитраттын эритиндиси узактан бери сакталган экен. Суюктук бууланып кетип, колбанын капталдарында суюктуктун жука катмары гана калыптыр. Ошентип сынбаган айнектин курамына эмнелер кошулушу керек экендиги маалым болуп, сынбаган айнек патенттелет.


Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо