БИР БҮРКҮМ. АЙДООЧУГА АЙЫП ПУЛ АЗАЯТ...

№964 27-май - 2-июнь, 2021-ж.

  • Быйыл январда пара талап кылууга шектелип кармалып, кийин үй камагына чыгарылган жарандык активист Улан Жураевге Бишкектин Биринчи Май райондук соту 260 миң сом айып салды.
  • Өлкөдө жыл башынан бери 21 адам сууга чөгүп каза болгону айтылды.
  • Бишкекте быйыл жалпы 6980 бүтүрүүчү мектепти аяктады.
  • Өлкөдө “Коопсуз шаар” боюнча айып пулдун суммасын азайтууну караган мыйзам долбоору комитетте биринчи окуудан өттү.
  • Абдибакыт Халмурзаев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды.
  • Нарын, Ноокат, Майлуу-Суу жана Көк-Жаңгак шаарларынын мэрлерин шайлоо 11-июнга дайындалды.
  • Темирбек Асанбеков Евразия экономикалык комиссиясына Кыргыз өлкөсүнүн атынан министр болуп дайындалды.
  • “Дело №...” гезити өз ишин токтотконун жарыялады
  • 22-майда Орусияда Кыргыз жаранынын 4 жана 5 жаштагы кыздары өрт кырсыгынан каза болгону маалымдалды.
  • Баткенде чек ара окуясынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган эсепке 100 миллион сомго жакын акча чогулду.
  • Аксы районунда 24-май күнү аты менен кошо дарыяга кулап түшкөн 11 жашар бала изделүүдө.
  • 24-майда Ош облусунда күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
  • Дүйнөлүк банк Кыргыз өлкөсүнө 17 миллион доллар бөлөт, бул жеңилдетилген насыя жана грант түрүндө берилет.
  • Жарандык активист Мелис Аспековго дагы бир кылмыш иши козголду.



Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо