№964 27-май - 2-июнь, 2021-ж.
Ырчы Айганыш Абдиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына кош бойлуу көрүнгөн сүрөтүн киргизип, "кандай деп ойлойсуздар, кыз же уулбу? Мен кыз болсо дейм. Буюрса, мен сага кыз төрөп берем" деген билдирүү калтырган.
Буга чейин кош бойлуу экени байкалбаган ырчынын бул сүрөтү күйөрмандары тарабынан кызуу талкууга алынды. Алар "жолдошу бар беле? Башы бош деп ойлогом" деп жазышса, чыгармачылыктагы достору куттуктоолорун жана "аман-эсен көз жарып ал" деген жылуу пикирлерин калтырышкан.
Ырчы менен байланышканыбызда буларга токтолду:
– Сүрөттү киргизгенде мынчалык талкууга алынарын билген эмесмин. Негизи кыздуу болсом деп кыялданам. Ошол кыялымды жакында элге тартуулай турган клибимде ишке ашырдым. Бул сүрөт клип тартуу учурунда тартылган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |