МИНИСТР ЭСТРАДА ЫРЧЫЛАРЫ МЕНЕН ТЫГЫЗ ИШТЕШЕТ

№964 27-май - 2-июнь, 2021-ж.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев эстрада ырчылары, композиторлор, аранжировкачы жана белгилүү продюсерлер менен жолукту. Жолугушууга Кыргыз Эл артисттери, Эмгек сиңирген артисттер жана жаңы өсүп келе жаткан жаш муундун өкүлдөрү катышкан.

Жыйындын алкагында эл аралык жана республикалык эстрада жанры боюнча фестивалдарды жандандыруу, окуу жайлардагы эстрада бөлүмдөрүнүн окутуу программалары, дегеле бул багыттагы приоритеттүү жагдайлар талкууланды.

Кайрат Иманалиев жолугушуу учурунда эстрада тармагынын өкүлдөрүнө буга чейин тиешелүү көңүл бурулбай келгендиги, мамлекеттик сыйлык маселелери, автордук укуктар жаатында ой бөлүшүп, Маданият министрлиги менен тыгыз байланышта иш алып баруу демилгесин көтөрдү.

Мындан сырткары министр эстрада тармагында жасала турган иштер арбын экендигин баса белгиледи. Аны менен бирге аймактардагы таланттуу жаштарды алып чыгуу жана гастролдорду уюштуруу сындуу иштери жолугушуу учурунда колдоо таап, алгачкы кадамдар башталды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо