КЫЗМАТЫМ – АЯЛДАРДЫН КӨКСӨӨСҮН КАНДЫРУУ»

№417 29-октябрь - 4-ноябрь, 2010-жыл.

Шум заман

"Чымыр денелүү эркек аялдарга өз кызматын сунуштайт. Сиздин интимдик жашооңузга өзгөчөлүк киргизип, каалаган эротикалык фантазияңызды ишке ашыра алам". Мындай жарнамаларды азыр гезит беттеринен, интернет булактарынан да кездештиресиң. Бүгүнкү менин маектешим – дал ошондой жарнама ээлеринин бири. Бирок аны интервью берүүгө макулдатуу оңой болгон жок. Узакка жана көшөрө сурануулардан кийин гана 32 жаштагы Тима (лакап аты) маектешүүгө ынанды.

– Мындай кызматта канча жашка чейинкилер иштешет?
– Бизде 25-32 жаштын тегерегиндегилер иштешет. Үй-бүлөсү барлардан экөөбүз, калгандары бойдоктор. Төшөккө өздөрү чакырган аялдардын кынуусун алып калган бойдоктордун кээси үйлөнгүсү келбей калат.
– Сыр болбосо айтсаң, бул ишке кантип келип калгансың?
– Жыргаганымдан келди дейсиңби?! Үйдө 4 бир тууган элек. Анан апам каза болуп калды. Балдардын улуусу катары мектепти бүткөндөн кийин атама жардамдашканы алгач базарда жүк түшүрүп иштедим. Бирок андан кыйналып, жүдөп кеттим. Атам да "кийин бел оорулуу болуп калба" деп наабайканага орноштуруп койду. Анда деле тапканым жарытылуу болгон жок. Ошондой күндөрдүн биринде бирөөлөр аркылуу биздин шеф менен тааныштым. Шеф менин сырткы келбетимди карап көрүп, ичкиликке жана тамекиге жок экенимди уккан соң ушундай ишти сунуш кылды. Көрсө, тамеки чегип, ичкилик ичкендердин организми анчалык кубаттуу болбойт экен. А бизге аялга "отказ" бербей, кычуулары канганча, "грубо" айтканда, көчүгү кургагыча кызмат көрсөтүүгө туура келет.
Ошентип, сойкулукту сунуштаганда алгач жаман болдум. Анан "барса барып көрөйүн. Анын үстүнө сен аялга эмес, ал сага төлөп жатса" деп кызыктым. Бирок дароо эле ишке киришип кеткен жокмун. Алгач мени үйрөтүштү. Секс ыкмаларын, өзүңдү маданияттуу алып жүрүүнү, аялга жагынып, дүүлүктүрүүнү, төшөк сөздөрүн арноону, өбүшүүнү, жыныстык жактан жугуучу ооруга кабылбоо үчүн кайсы дары-дармекти колдонууну, массаж жасоону...
Биз порнофильмдер менен дамамат камсыз болуп турабыз. Ошолорду көрүп, улам жаңы нерселерди үйрөнөбүз. Кыскасы, секс-робот болуу үчүн өзүңдү абдан карап, сексуалдык маданиятты үйрөнүп, дене чымыр болушу үчүн спорт менен алектенип (мен чуркайм), анан "алигиңди" багып-карооң керек экен. "Алигиң" менен жан багуу! Кызык бекен?
Ошентип, денемди сатууга аралаштым. Ии, анан чыдамкай, сабырдуу болууга аргасыз үйрөнөсүң. Антпесең, акча төлөгөн аялга жакпай калдың дегиче иштен кетесиң.
– Порнофильмдерден эмнелерди үйрөн­дүң?
– Бизге, кыргыздарга өөн көрүнөт го, ошолорду. Эми айтсамбы, айтпасамбы? Ээ, мейли эми, айтайын. Техникалык жөндөмдү, аялдын жука чурайын өпкөндү, чарчаганыңда колуңду ишке салууну, арткы көтөн чучук менен кошулууну... Аны кээ бир аялдар баалашат.
– Аялдын жилкинин суутууда сен айткандардын баарын колдоносуңарбы?
– Бизде техникалык жөндөм (ыйкоонун түрлөрү) башкы орунда. Көп аялга эркектин "эметкени" эмес, катнаштын түрү, мамиле түзө билүү, эркелетүү маанилүү.
– Күндө ушундай иш менен алектенсеңер, кийин ден соолугуңарга зыяны тиет деп коркпойсуңарбы?
– Албетте, коркобуз. Тааныш врач байкенин айтуусуна караганда, кийин бел, кан басым боюнча баш оору жаралышы жана жыныстык жактан эрте кубатсыз болуу коркунучу бар экен. Анткени күнүгө бир нече ирет дүүлүгүп, "алигибизге" кан толуп, чыңалып иштейбиз. Дүүлүккөндө жүрөгүң катуу согуп, кан тамырлар локулдап, нервдер чыңалып чыгат эмеспи. Элестетиңиз анан, бул күнүгө тынбай кайталанып жатса...
– Корксоң анан таштайын деген оюң барбы?
– Акча топтоп алсам, анан кетем. Сыртыңдан сыр бербегениң менен, жүрөгүңдүн түпкүрүндө “сойку эркекмин” деген жагымсыз сөз турат да. Ушунун өзү эле канчалык басынуу?!
– Силерге кандай аялдардан заказ түшөт?
– Бизге ким чалат? Ар кыл аялдар. Күйөөсү жоктор же ойнош күтүп кеткен күйөөлөрүнө таарынган, өчөшкөн аялдар. Күйөөлөрүнө канааттанбагандар, анан байлыгына карап экинчи, үчүнчү аял болуп тийип алгандар... Алар көбүнчө үйлөрүнө же саунага чакырышат. Кээде эс алуучу же массаж жасалуучу жайларга өздөрү келишет.
– Силерге сулуусу да, бучугу да, жашы да, картаңы да чалышса керек?
– Ооба, кемпирлерден тартып, арыгы, семизи, сулуусу, түрү суугу, маңкасы деле чалышат. 11-класстын окуучулары да чалган учурлар кездешет. Өзүн таза алып жүргөнү да, колоңсосу бары да, терчили да чалат. Алардан жийиркенип турсаң да, төшөктө болушуң керек. Анткени бизди акча башкарат. Төлөдүбү, болду, унчукпа. Көксөөсүн канааттандырып, эсин оодар. Сулуу, анан өзүн таза алып жүргөнү болсо, кийин да сени заказ кылгыдай болуп жагын, каалаган ыкмасында кошул, ширин сөздөргө көмүлт. Өбө турган жерлерин өп. Кыскасы, сени менен болгондо “Миң бир түн” жомогуна түшүп калгандай болсун.
– Кайсы улуттагылар көбүрөөк чалышат?
– Мурун башка улуттагылар көп чалышса, азыр кыргыздар алардан кем калышпайт.
– Силер кардар менен алгач сүйлөшүп, таанышып, эмнени талап кыларын билип, анан ишке өтөсүңөрбү же...
– Албетте, алгач сүйлөшүмүш этип, эмнени каалаарын билүүгө тырышабыз. Анан алар менен 1-2 "рейс" болгондон кийин эс алабыз. Айрымдар ичкилик ичишет. Анан кызуу болуп калганда ички сырларын айтышат.
– Ошол аялдардын сырларынан бөлүшсөң. Эркектерди жалдоого эмнелер себеп болот экен?
– Күндө түрдүү аялдардын коюнуна кирип, кээ биринин сырларын уга берип, сексолог да болуп калат экенсиң. Заказ бергендеринин себептери көп. Муну өзүмдүн сөзүм менен айтайын.
Негизи, эркек аялын сүйүп, барктап, төшөктө көңүлүн таап турушу керек. Төшөккө даярдап, дүүлүктүрүп, анан кошулганда оргазмга жеткирип турса, андайдын аялы башка эркекти карап койбойт. Анткени көңүл көксөөсүн күйөөсүнөн алып жатат. Бирок бизде жыныстык басмырлоого кабылган аялдар көп. Эри каалаган учурда аялын даярдабай туруп баса калат да, анан туруп кете берет. Аялдын көңүлү, самоосу менен эсептешүү деген жок. Андай аял канбай калат. Дайыма канбай калуу ооруга алып келет экен. Бул мүнөзүнө да таасир этип, аял ачуулуу, туталанма болуп кетет.
Кээ бир эркектер көп ичишип, өзүн таза алып жүрүшпөйт. Андай эркектин аялы таза, анан жийиркенчээк болсо, эри менен кошулмак түгүл, өбүшүүдөн да качат. Анан кантсин, оозу сасып, денеси ачыткы-кычыткы жыттанып турса?! Акыры башка эркекти көксөбөгөндө өлмөк беле?!
Кээ бир эркектер өзүн карабай, убагында дарыланбай жүрө берип, жыныстык жактан эрте шал же уругу эрте түшө турган болуп калышат. Алардын аялы оргазм ала албай, акырында жан кумарды башкадан издөөгө өтөт.
Мени бир байдын токолу көп заказ кылат.
"Мурун күйөөм берки аялынан качан бошойт деп күтүп отурчу элем. Кийин ал катынын акыштатып жаткан учурда мени бирөө жыргатып жаткандай болсун дегенге өттүм",- дейт.
Кээде заказ кылган аял кошулууну талап кылбай эле, массаж жасатып туруп коё берет.
– Силерди аялдар кандайча тандап алышат?
– Бизде каталог уюштурулган. Анда ар кимибиздин анкетабыз бар. Анкетада жылаңач түшкөн сүрөтүбүз, жашыбыз, салмагыбыз, боюбуз, "аспабыбыздын" өлчөмү жана кандай ыкмаларды билерибиз көрсөтүлгөн. "Оорусу жок" деген медициналык тактамабыз кошо тиркелген. Ошого карап тандап алышат.
– Бир саатка же түнгө "ставкаңар" канча?
– Ачыгын айтпайм, бирок жакшы төлөшөт.
– Заказды кайдан, кантип аласыңар?
– Бизде атайын агент бар. Ошол жана интернеттеги жарнама аркылуу заказдар табылып турат.
Чакыргандарга бирден барасыңарбы же 2-3тү бир заказ кылган аялдар да барбы?
– "Бешеная матка" деп коюшат, андайларга эки-үчөөбүз бир барабыз. Алар түк "тойдум" дебегендер. Буларды башында "сойкулардан ашкан немелер го..." деп жаман көрчүмүн. Кийин түшүнүп калдым. Көрсө, бул оору экен да. Болгону, бир балчыктуу көлчүккө улам кире бергендей болобуз. Ошонусу жагымсыз.
– Экөөбүздүн үй-бүлөбүз бар дедиң. Аял­дарыңар эмне иштеп жүргөнүңөрдү билишеби? Аларга оору жуктуруп алсаңар кантесиңер?
– Үй-бүлөлүүлөр "командировкага" көп кеткендерге киребиз. Мурун бизде иштеген бирөөнүн аялы билип калып, чатакташып ажырашып кеткен. Ошондон кийин сак болуп калганбыз. Бир-эки жолу аялыма оору жуктуруп алгам. "Суукта, сызда отурган элем, ошондон" деп эптеп кутулгам. Негизи, презерватив биздин досубуз. Ансыз ар кандай ооруга чалдыгасың.
– Эмнелерди жеп, бел кубатыңарды көтөрөсүңөр?
– Чучук, казы-карта, балык, каймак, жаңгак, сабиз, койдун этин көп жейбиз. Анан да кочкордун умасын саткандардан алып, бышырып жеп турабыз.

Бул маектен кийин заманга жараша кесип түрү да өзгөрүп, көбөйөт деген ушул окшойт деп калдык. Минтип денесин саткан эркектердин пайда болуп, алтургай санынын өсүп баратканына ким күнөөлүү? Батыштын таасириби, жумушсуздукпу же адамда ыймандын кетип баратканыбы?

Венера Камалова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(31)
30.10.2010. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emne deerimdi bilbei kaldim,bizde barbi uwundailar je jon ele fantastikabi???
30.10.2010. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн негизгиси жумушсуздук куноолу.Бирок жумуш жок деп эле бул жолго барбастан башка жумуш менен деле жан баксан болот демек канчалык бир денгээлде адам озу куноокор.Сойкулукту жок кылуу мумкум эмес бул болгон жана боло берет.Мурун жаап жашырылып келген азыр ачык айрым бол
31.10.2010. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уялбай так даана айтып бергенин, азаматсын! Иштешинче, тиштейсин!
01.11.2010. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
орустар айтмакчы мындайларды осуждать этип кереги жок...сейчас время такое...себеби весь мир и в том числе обитатели этого мира сходят с ума...поэтому незнаю не демек...
01.11.2010. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Yshyl kadamga bargan erkekterdyn akily, erkektyk namysy jok bolso kerek,baykysh ayaldary,baldaryna cheyin jaman oory juktyryp tykym kyychylyk bolso kerek.Yikym kelip jatkan janym byl makalany okyp kozym ymachtay achylbadyby.Kyrgyzstan 10jildan son New-York bolot go shymdygyn kyrgyr.Ekinchy ayaly bolyp tyigenderdyn meesy jok ozy tendyy japjash den-soolygy chyn jigittyn kolyn karmabayinby,satylma erkekterdyn kozyn karabay.Ayaldardyn da meesy tegerenyp kalsa kerek.Shymdyk!Shymdyk!Shymdyk~!
01.11.2010. 06:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
E Musulman dostor,bul duino bizge synoo uchun berilgen,akylybyzdy jyialy.Bul synoo dunuiosundo arzybagan akcha,arzybagan yrahat uchun it kylgan nerseni kylbaily."SuperInfo" gezitine da kairylam:Myndai shumduktuu nerseni gezitinizderge berbenizder.Ushul maektegi balanyn janynda bolsom,olturup tashtamakmyn.Sebebi kanchalagan erkekterdin kozuno chop salyp,aialdary menen bailanyshta jurgonun.Kyskasy "superinfo"sizderge naraazymyn,atynarga tatyktuu gezit bolgula!
01.11.2010. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ayaldarin aldap ushintip akcha tapkandan koru, tachka suyrop tapkan akcha jakshi.
Ayalin aldap, baldarin aldap, komadirovkaga kettim dep, degi bul erkekterdin uyattari bardi, osholordu zakaz kilgan ayaldardin dagi uyattari jok. Bizde ushunday erkekter bar eken dep ukkam birok ishengen emesmin korso chin tuura. Ujas!!!
17.01.2022. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aelina,Ошон үчүн аялдар күйөөлөрүнүн калтасын кактап ашказанын таптап жөнөтүш керек да
24.01.2022. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamir_kgz,ашказанды таптасын аял. Анан калтасын күндө кактагандай робот эмесда.Секске дагы күч кубат, каалоо керекда. Адамдар коёндор эмесда.Жумушу бар эркек болсо жумуштан кийин чарчайт ал деле. Бекерчилер эле күндө боло албаса. Иштеп, тытынып жүргөн кишилер күндө кошула алышпайт. Кыргыз жоопкерчиликти качан болсо аялга түртүп, өзүнөн жоопкерчиликти алып көнүп калган. Бузулган эркек аялы эмне кылса дагы башка аялга барганын койбойт.Себеби кыргызда баарына эле аялдарды күнөлүү дей беришет.
01.11.2010. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне дешти билбейм.Бирок бул дагы сыноо.Автандиль ар адамга ар кандай сыноо берилет да.Адамдардын кылык жоругун тескей турган же олтуруп алардан кутула турган биз эмес.Жараткан жашоо берсе алган да озу.Ар кимибиз озубуз учун жооп берели.
01.11.2010. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммдаа... аялына жалко...билип калса балага деле жалко........ кутурган аялдар менен эркектер акчасын каяка кетирерин билбейт...
01.11.2010. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудая тообо кыргыздарда ушундай эркектер барбы эркектик намыс кайда калды
02.11.2010. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй акмак экенсин туф сендей акмак жигит учун мындай жолго барган адамды ортоп салыш керек
02.11.2010. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тима - аракет кылып башка жумушка которулуп кет, кийин кеч болуп кала элегинде. Кудайдын алдында, ар бир кылган кунообуз учун жооп берерибизди унутпагыла...
02.11.2010. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
tuu-uy ata, kuda mir katitsya? Bashkasynan kutsom da, kyrgyzdardan kutkon emesmin.
03.11.2010. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай эркектер болбосо жанагыдай аялдар эмне болмок!?Бойдоктор иштесе да мейли!Бойдок эместер аялынын башын аттабай уйлонгондон кийин токтотуп койсо болмок!Эмнеси болсо да АЛЛАХ судья всем!!!
03.11.2010. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздарга эле тийишип атчу эле сойку, женил желпи дешип.Беш кол тен эмес!
03.11.2010. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
араба туртуп нанын таап жесе бешене тери менен, ошо берекелуу болмок. Кайдагы шайтандын ишин кылбай, баарын эле жумуштун жоктугуна тиркеп кою болбойт, женил оокатты издеген озунон да, шумдук дуйно, элде ыйман кетип, кыргыздын да ырысы ушуга окшогондордон очуп жатат да
03.11.2010. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
9 ne hochu osujdat ego potomushto eto jizn
04.11.2010. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Men AIZADka koshulam.
04.11.2010. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азыр кай жерге барбагын акча биринчи орунда турат.
04.11.2010. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
albette, jumuwsusduk!! no, bez nih toje nel'zya. alardyn dele keregi bar. nomerin tawtabayt bele. inogda mne toje nujna ego usluga :)
04.11.2010. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jalbirak, kagazga orop suyloson biraz :)))
04.11.2010. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
патрондорун тугонуп калбасын этият бол
18.12.2010. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сейчас время такое, жизнь такая. Она из нас делает дьявола, кровь нашу выпивает.
Кто как может таки зарабатывает, ни кто не смеет осуждать кого то, он сам выбрал эту путь... Ему хорошо, пусть катится по этой дороге.
Это может показаться странным нашим - кыргызам. Ну что тут такого? Правильно Он делает, кого-то муж не удовлетворяет, у кого-то еще какие-то проблемы, как то надо помочь этим женщинам.
Всем мира, фарту и добра! Не осуждайте так строго!!!
28.07.2011. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мм
28.07.2011. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушунтип журуп озундун аялына туш болуп калба (аялын сени билбейт деп силерге зв кылып чакырса сен барсан экоон бири биринди коруп кандай абалда калаар эленер)и(айыпты озуно койот белен же аялынабы)
04.05.2012. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Астафураллах! Кудай сактасын! кудайым инсап берсин баарына! Биз мусулманбыз! Биз эчкачан чет мамлекеттен улгу албашыбыз керек! Улгу ала турган болсок, мусулман олколорунон улгу алалы!
24.01.2022. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеңилген көнбөй башка жумуш эле издесе болмок. Эми бул кул эледа. Кайсыл аял эмне десе ошону аткарып жакса жакпаса дагы. Кудайым сактасын.
24.01.2022. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энелери окутса жакшы болмок. Мисалы IT тармагын окуп бүтүрүп кычыраган жерде иштеп акчаны укмуш таап турмак Кыргызстанда отуруп алып эле чет мамлекетке иштеп берип!Азыр бекер ITкурстары дагы бар издегендерге. Америкалык кыргыздар онлайн кыргызстандыктарды окутушат. Окуйм дегендер окуп жатышат жанталашып. Үйдө отурган үй кожойкелерден бери. Сутенёрлорго жолукпай ушундай билимге тарткан адамдарга жолугуп калсаңар болмок. Жок дегенде ашпозчу, электрик деген сыяктуу кесиптерге ээ болсоңор болмок
07.04.2023. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалгысырап жалгыз жаткан кыз-келиндер жазгыла ананайындар, таанышалы достошолу сырдашып жаталы... whatsapp 0556 22-88-95
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо