БАЛЕРИНА ОРХИДЕЯСЫ

№965 3-9-июнь, 2021-ж.

Орхидея гүлү, анын түрлөрү тууралуу билсеңиз керек. Бул гүлдүн көз жоосун алган түркүн түстөрүнө таң калып бүтпөчүдөйбүз. Орхидея жүздөгөн түркүмгө, алар болсо ичинен көптөгөн түрлөргө бөлүнүп кетет. Алардын арасында жоголуу коркунучунда турган түрүнүн бири – балерина гүлү (Caladenia melanema) тууралуу сиздерге айтып беребиз.

Балерина орхидеясы жапайы түрүндө Австралиянын түштүк-батышында гана кездешип, башка жакта өспөгөн (эндемик) гүл. Бийиктиги – 15-20 сантиметр, 1 же 2 гүл ачат, сабагынын төмөн жагында 1 гана жалбырагы болот. Гүлүнүн диаметри – 4-5 сантиметр. Илимге 2001-жылы белгилүү болгон. Кумдуу топуракты жакшы көрөт.

Бул өзгөчө орхидеянын гүлүнүн желекчелери (сепалиясы жана петалиясы) ичке кайрылып, бийлеп жатып балеттик позада катып калган балеринанын элесин берет. Гүлүнүн өңү бир нече өңдүн айкалышынан турат, атап айтсак, күрөң, сары, кызгылыт-сары, ак, көк-кызгылтым.

Балеринанын “моюнунда” ачык сары түстө тагынчагы бар. А “көкүрөгүнүн” ылдыйында көк-кызгылтым жазы “куру”, ак “көйнөгү” бар.

Жыты жагымдуу. Гүлдөө узактыгы – 7-14 күн.

Көбөйүүсү – уруктан көбөйөт. Бышкан уруктар шамал менен башка жактарга таралып, өсүүгө ыңгайлуу жерге түшкөндөрү өсүп чыгат, тактап айтканда, көп сандагы уруктардын бир нечеси гана өнүп чыга алат.

Гүлдүн уругун ар өлкөнүн ботаниктери Улуттук парктарда, ботаникалык бактарда өстүрүшөт.

Бул орхидея мамлекеттин коргоосунда, үзүүгө тыюу салынган. Үй шартында же бакчада оңой эле өстүрүп кете албайсыз, анткени анын өсүүсү үчүн топурагында козу карын сымалдардын болуусу керек. Гүл ансыз өспөйт, тамыры куурап калат. Ошондуктан балерина орхидеясынын гүлдөгөнүн жанынан көрүү ар кимге эле буюра бербейт.

Гулийпа Маметосмон кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо