Мирбек Иманбеков: «ЖАШЫРГАНЫМА ЧЫДАГАН АЯЛЫМА РАХМАТ»

№417 29-октябрь - 4-ноябрь, 2010-жыл.

Күркүрөгөн күз айынын толкуну шоу-бизнестин бойдок жигиттерин үй-бүлөлүү кылды. Султан, анан Акбар үйлөндү. Ал эми 3-ноябрда Мирбек Иманбеков ата-энесинин 60 жылдык мааракесин берүү менен өзүнүн үлпөт тоюн өткөрмөкчү. Мирбектин үлпөт тою сахналаштарыныкына караганда бир аз башкачараак. Айтайын дегеним, ырчы мындан эки жарым жыл мурун үйлөнгөн. Бирок аны элге ачык айтпай келген. Жашырганынын сыры эмнеде?

– Мирбек, 3-ноябрда үйлөнүү тоюн өткө­рөм деп турасың, ошондон кеп баш­та­саң...
– Ата-энем экөө тең быйыл 60 жашка чыгышты. Алардын мааракеси менен менин үлпөт тоюмду чогуу “Дасмия” эс алуу борборунда өткөрөбүз. Эки тойду бир өткөрүү үйлөнө электе эле түзүп койгон пландарымдын бири. Чоң той өткөрүү кыйын экен, бирин бүтүрсөм, экинчиси калат дегендей. Ата-энем болсо “көкүрөк күчүгүбүздүн тою” деп өздөрүнүкүн унутуп, меникине аябай сүйүнүп жатышат. Биз үй-бүлөдө 4 эркек, 7 кызбыз. Мен эркектердин кичүүсүмүн.
– Буга чейин ачык эле билинип турса да “бойдокмун” деп жооп берип келдиң, эми ачык айта­сыңбы?
– Жашоодо ар кандай окуяларга, ар кандай адамдарга кабылат экенсиң. Алар сенин оюңду таптакыр башка нукка буруп салышы да ыктымал. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” деген ушул экен. Чынында, келинчегим Бурулду кыргыздын салты менен ата-энемдин ак өргөөсүнө алып барып, мындан эки жарым жыл мурун үйлөнгөм. Кайын журтумдун алдынан өткөм. Бирок калың элге айтпай келгем. Качан үйлөнүү тоюмду өткөрөм, ошондо жар салайын деп чечкем. Буюрса, ошол тилегим аткарылганы турат.
– Жашырганыңа продюсериң экөөңдүн ортоңордогу келишим себеп болдубу же башка жагдай бар беле?
– Үй-бүлөмдү жашырганым үчүн эл алдында күнөөлүүмүн. Менин ушул берген интервьюмду окуган күйөрмандарым, жалпы эле кыргыз элим мени кечирет, туура түшүнүп, батасын беришет деп ишенем. Жубайымды жашырганыма ортодогу келишимдин да, аны түзгөн адамдардын да түздөн-түз тиешеси бар. Продюсерим менен келишим 2006-жылы түзүлгөн. Ал кезде Бурул экөөбүз сүйлөшүп жүргөнбүз. Бурул менин күйөрманым эмес, ырчы болуп чыга элегимде жолуккан тунук сүйүүм. Айрым адамдар экөөбүздүн ортобузга түшүп, жаңжал чыгарганга чейин барышты. Бирок сүйгөнүмдөн ажырап калбаш үчүн жан далбас уруп, кандай учур болбосун туруштук бердим.
– Ал адамдар кимдер жана максаттары эмне экен?
– Кимдер экенин, максаттарын ачык айтпай эле коёюн. Мунун баары менин чыгармачылыгыма байланыштуу десем болот.
– Аял кишинин оозу жөн турбайт да. Бурул сенин бойдокмун деген ин­тер­вью­ларыңды окуганда таарынбай койбо­со керек...
– Мен эч жерге барып бойдокмун деп айткан эмесмин. Бир жолу силердин редакциядан “үй-бүлөлүү” деген кат келди, ушул чынбы?” деп телефон чалышкан. Мындай учурда мен эмес, продюсерим жооп берчү. Мен, негизи, жашыргым келчү эмес. Үй-бүлөдөн өткөн бакыт, андан ыйык эч нерсе жок. Кубанганым, келинчегим дайыма мени колдоп, ушул убакка чейин жанымдан чыкпай келди, рахматтан башка эч нерсе айта албайм. Жашырганыма чыдаганына ыраазымын. Бир да жолу “сен ушинтип айтыптырсың” деп таарынган жок. Ал эми кайын журтума бул кылыгым, чынында, анча жакчу эмес.
– Продюсериң Асыл эже экөөң келишим аягына чыккандан кийин иштешпей калды­ңарбы?
– Келишим 2009-жылы аяктаган. Ошол жылдын 25-ноябрында, өзүмдүн туулган күнүмдө концерт берип туруп, иштешүүнү токтотконбуз.
– Үйлөнүү тоюңа Асыл эжени чакыр­дыңбы?
– Чакырдым. Келеби, келбейби, билбейм.
– Кызың тууралуу айтасыңбы?
– Кызым Арууке эки жарым жашта. Ал ортодо кандай нерселер болбосун биздин үй-бүлөнү бекемдеп келди. Көпчүлүк кызымды мага окшоштура беришет, бирок азыркы кези апасынын эле көчүрмөсү.
– Баса, жубайың каяктын кызы, кантип тааныштың эле?
– Мен анда Искусство институтунда 2-курста окучумун. Ырдап чыгайын деп 3-4 чыгарма жаздыргам, бирок радиолор албай жатышкан. Окуу жайда өткөрүлгөн кечелердин биринде ырдап жатсам, көзүмө бир эле кыз көрүнүп туруп алды. Ал ырыма бийлеген да, кол чаап кубаттаган да жок. Кече бүткөндөн кийин тийишсем, теңине албагансып койду. Сураштырсам, курсташ кызымдын курбусу экен. Курсташ кызымдын жанын койбой “тааныштыр эле, тааныштыр” деп артынан бир жума жүрүп, акыры максатыма жеттим. Жердиги Токмоктон. Менден төрт жаш кичүү. 1989-жылкы. Мени менен таанышканда 11-класста окучу. Экөөбүз кыз-жигит катары жүрүп жатканда көптөгөн кызыктар болду.
– Бирөөсүн айтып берсең.
– Орто жерден “мен сени менен жүрбөйм” деп чыкты. Катачылык менден кетти окшойт.
– Башка кыз менен жүрүп кеттиң беле?
– Ошол сыяктуу болду. Аркасынан көп күн жалдырап жүрдүм. Анда студентпиз, акча жок. Ырларымды эл тааный элек болсо да, кээде тойлордо аккордеон менен ырдап калчумун. Бир жолу ошентип ырдап акча иштедим. Өмүрү кызга гүл алып барбаган жаным тойдон тапкан акчама гүл алып, Бурулдан кечирим сураганы бардым. Буга сахналашым Акбар күбө. Акбар мени Бурулга аябай мактады. Бурул “болду, Мирбек менен жүрбөйм” деген сайын мен ага тартыла бердим. Ошентип, ал учурду да жеңдим.
– Учурда эмне менен алек?
– Мектепти аяктагандан кийин дизайнер-модельердин окуусун бүткөн. Бирок иштей элек, үйдө. Өзү иштегиси келет, мен каршы чыгам. "Билимиңди дагы жогорулат, анан иште" деп жатам.
– Мурункудай ыр жазбай калдың го, эмнеге?
– Туура айтасыз, жаңы ыр жаздырбай калдым. Мунун себеби – өзүм. Жалкоолук кылып жатам дегеним окшошпой калат. Ырдоо оокатым болгондон кийин эч качан жалкоолонбойм. Болгону, алдыдагы жакшылыгым өтсүн деп бир аз токтотуп жатам. Тойду өткөрүп алгандан кийин, буюрса, жаңы дем менен жаңы ырларды жазууга киришем.
– Дагы продюсерлүү болуу оюңда барбы?
– Продюсер менен төрт жыл иштештим. Төрт жыл аз убакыт болгону менен, эмнелерди гана башымдан өткөрбөдүм. Баарына быштым. Шоу-бизнеске өзүмдү арнап салып, ага-тууганыма, ата-энеме кош көңүл мамиле кылыптырмын. Балким, бул менин жаштыгымдандыр. Бирок жаш кезде турмуштук пайдубалды туура тургузуу керек экен. Баарын азыр түшүнүп отурам. Шоу-бизнестин майда-чүйдөсүнө чейин өздөштүргөндөй эле болдум. Ошондуктан продюсерсиз эле иштейм.
– Келечекке кандай ой-пландар менен кадам таштадың?
– Жубайыма татыктуу күйөө, балама мээрим­дүү ата болгум келет. Анан, албетте, чыгармачылыгымды бийик деңгээлге алып чыгуу.
Рахмат маегиңе, үй-бүлөң менен бактылуу бол.

Сүйүн Кулматова
star
@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(23)
30.10.2010. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшынакай Бурулду эми эмне жашырып келди!? Ошентсе да, бактылуу уй-булолордон болгула!
30.10.2010. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uilongonuno 2,5 jyl boluptur, kyzy dagy dagy 2,5 jawta??? Asyldyn arkasynda kancha durkurodun, emi jamandap, ex uwu siler...
30.10.2010. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ну все с тобой понятно мурун эле аитсан тушунмок элдин баары .еще дочурка есть ну и совесть у тья
30.10.2010. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Это шоу бизнес, с кем только не бывает, но я рада будьте счастливы!!!
30.10.2010. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirbektin ayali kandai boldu eken dep kutup jurgom,tatinakai sonun kelin4egi bar eken baktiluu bolgula ar daiim.
30.10.2010. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келинчегин жакшынакай экенн! Бактылуу болгула...
30.10.2010. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмуш жолунар байсалдуу болсун!
30.10.2010. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Как понять Акбар менен Султан уйлонду,дегени эмне...айланып=тегеренит кетеин....скажите что это просто опечатка!!
31.10.2010. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеси болсо дагы суйуунор очпосун бактылуу болгула!!!
01.11.2010. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuyormandardi jogotup alam dep, oshon uchun ayalim jok dep jurdu da, ayali dagi jakshi eken ech nerse debegen, men ante almak emesmin, menimche Mirbektin kilgani takir tuura emes.
01.11.2010. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үйлөнгонүнө 2,5 жыл болсо да жашырганын кара... Анүстүнө кызы малдец экен 2,5 жашка жетип алыптыр б.а. ата-энеси үйлөнгөн маалга...
01.11.2010. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emi ani menen emne ishiner bar. En maaniluusu baktiluu jashashsa boldu.
01.11.2010. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу буту кыскалыгы эле бузуп койбосо,атак бары эле сулуу
02.11.2010. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Produsersiz kiyin bolot go!Birok,adam balasi baarin jenet.Emdektenseniz uzurun korosuz.Iygilik jana ui-buloluk bakit kaalaym.Aman bolunuz!
02.11.2010. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jubayi jakshynakay ele kyrgyzymdyn kyzy eken go... jashyrgany kyzyk, tem bolee kyzy da bar. Emi al ar birinin oz ishi, uy-bulooluk bakyt kaalaybyz, jaman soz, koz tiybesin.
03.11.2010. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калп эле тиги болду бул болду демиш этип шылтоолоп аялынын барын жашырып ушул да кантип болсун!Тойду чогуу откоруш учун эки жарым жыл кутуп!? Ушу сага акча жокпу?ЭКОНОМДОГОНДУ сенден уйронуш керек экен!кызындын бешик тойу менен тушоо тойун да кошуп кой!
03.11.2010. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйорман кыздарын жоготуп алыштан корккон го
04.11.2010. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AIZAD senin kandai ishin bar kachan kaisi toidu beret. eger adamda mumkunchuluk bolso juma sain toi bergisi kelet. dagi molodetc Mirbek ataenesin kadirlap toi bergeni jatat. sen asmandan tushkonsup suilobo. aldigi kebeten menen sen ata-enendi jirgatpaisin.
04.11.2010. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emnege sultandyn koror kozu Asel degen makala jok ya? tappai jatam...
04.11.2010. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялынды жашыргынындын себеби гаптин тагида гап бар кынырык иш кырк жылда эмес азыркы заманда 40 секундда келет (сурабаптырмын аялын барбы дееп суйуунун кереметиии)
04.11.2010. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кимдин созун укпай бактылуу болгула! Топ келишкен жар экенсинер!.
05.11.2010. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула баарынан да!!!И дайыма бар болгула.Мирбек сага ийгилик...
11.11.2010. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болсун кармашкан колунар туболукту болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо