“КАРАТАЛ-ЖАПЫРЫК” КОРУГУ

№965 3-9-июнь, 2021-ж.

“Каратал-Жапырык” коругу Нарын облусунун аймагында жайгашкан. 1994-жылы сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбар, өсүмдүктөрдү сактап калуу багытында түзүлгөн. Коруктун жалпы аянты – 21 миң 16 гектар. Корук негизинен 3 бөлүктөн турат: Каратал-Ачаташ, Соң-Көл жана Чатыр-Көл.

Корукта өсүмдүктөрдүн 600 түрү, сүт эмүүчү жаныбарлардын 36 түрү, канаттуулардын 130, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 3, баканын 1, балыктын 7 түрү жашайт. Өсүмдүктөрдүн 2 түрү Кызыл китепке киргизилген, ал эми 45 түрү дары өсүмдүктөр болуп эсептелет.

Кызыл китепке киргизилген жаныбар, канаттуулардын ичинде илбирс, жазы кулактуу жарганат, таштакчыл суусар, сүлөөсүн, тоо теке, кумай (таз жору), бүркүт, ителги, кара илек-илек, тоо казы, ак куу, ак баштуу жору, узун тумшуктуу арам өрдөк, кулаалы, кара каз, каркыра, кара баштуу чайка жана башкалар бар.

Коруктун климаты жайгашкан ордуна карап жайы салкын, кышы катуу болот. Кыш 6 айга созулат. Жайкысын орточо температура +11...+16 градусту түзөт.

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо