ЧЕЛЕНТАНОНУН ОКШОШУ – МАУРИЦИО ШВЕЙЦЕР

№965 3-9-июнь, 2021-ж.

Дүйнөгө белгилүү италиялык ырчы Адриано Челентано азыркы күнгө чейин миллиондогон адамдардын сүйүктүү ырчысы болуп келе жатат. Ал ырчылыктан тышкары кино актёр, музыкант, кино режиссёр, композитор жана теле алып баруучу болуп эсептелет. Ал кийинки кездерде гастролдорго чыкпай калса да анын хит ырларын “Челентано Трибьют-шоунун” концерттеринен угууга болот. Сахнага Челентанонун ордуна актёр жана ырчы, Челентанонун окшошу, италиялык породист Маурицио Швейцер чыгат. “Трибьют-шоуну” 2008-жылы Маурицио музыкант досу экөө түзгөн, аталган шоу Европа жана Америкада өтө белгилүү. Концерттери аншлаг менен өтөт.

Маурицио Швейцер да Челентано жашаган көчөдө туулуп чоңойгон, азыр да экөө жакын аралыкта жашашат. Маурицио атактуу ырчыга сырткы келбети менен өтө окшош. Анын үнүн, кол шилтемдерин, мимикасын дал өзүнүкүндөй кылып туурайт. Өзгөчө Челантаного тийиштүү басык менен басканы кол чабууга татыйт. Костюмдарынын баары улуу ырчынын сахнага кийген костюмдарынын көчүрмөсү. Андыктан сахнага Маурицио чыгып ырдаганда көрүүчү Челентанонун өзү экен деп да ойлоп кетет.

Маурицио Орусияда 2014-жылы “Точь-в-точь” шоусуна катышкандан кийин популярдуу болгон. Ал Александр Ревва, Николай Басков, Любовь Казарновская жана башкалар менен тааныш.

Маурицио музыканттын үй-бүлөсүндө туулуп, кичинесинен футболго кызыккан. Жакшы ырдап, белгилүү адамдарды туурап жүргөн. Эл анын Челентаного окшоштугун кичинесинен эле байкаган. Кийин ал улуу ырчыга окшоштугун колдонуп, “Челентано Трибьют-шоуну” түзгөн.

Породисттин 1 уулу бар. Аялы өзү менен кошо гастролдоп, шоу-программага катышат. Концерттен кийин элге кол тамгасын берип, берген белектерин алат.


Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо