“АК ШУМКАРЛАРГА” ИЙГИЛИК ЖЫЛМАЙГАН ЖОК

№966 10-16-июнь, 2021-ж.

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы 7-июнда Япониянын Осака шаарында Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында экинчи айлампада Монголия курамасы менен беттешти. Тилекке каршы, “Ак шумкарларга” ийгилик жылмайган жок. Беттеш 0:1 эсебинде Монголиянын жеңиши менен аяктады.

Команда Осакага жеткенден эле тоскоолдуктарга дуушар болду. 6-июнда башкы машыктыруучу Александр Крестинин машыгууга уруксат берилбей жатканын онлайн маалымат жыйында билдирди:"Эртең эмне болору тууралуу эч нерсе айта албайм. Биз теориялык жактан да даярдана албай жатабыз, анткени бир бөлмөгө көп кишинин киришине уруксат берилбейт экен. Азыр машыктыруучулар штабы, администрация, үч дарбазачы жана эки оюнчуну кошкондо жалпы 14 адам коронавируска шектелип турат. Аэропортто тест тапшырганда таза туруп бир түндө кантип ооруп калышты? Мындай шартта кандай даярдануу болмок эле? Биз уюштуруу маселелерин чечмейинче футбол жөнүндө сүйлөй албайбыз".

Япония өкмөтүнүн COVID`ди алдын алуудагы саясаты боюнча Кыргыз курамасынын коронавируска тапшырган тестинин таза чыкканына карабастан жуктуруу тобокелдиги бар деп саналган оюнчулар: Бекжан Сагынбаев, Аваз Откеев, дарбазачылар: Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба оюндан четтетилген.

Техникалык жеңилүүнү алдын алуу үчүн курама дарбазачысы жок ойноого мажбур болгон, дарбазачынын ордунда коргоочу
Айзар Акматов оюн жүргүздү. Ал эми оюндарды кабыл алып жаткан уюштуруучу тарап, оюндан четтетилген оюнчулар тууралуу эки саат калганда гана кабарлаган.

Кыргыз футболдук союзу маселенин чоо-жайын аныктоо үчүн жогорку футболдук уюмдарга, уюштуруу комитетине жана Кыргызстандын Япониядагы элчилигине кат менен кайрылды. Бирок азыркыга чейин бир да тараптан тиешелүү жооп келе элек.

Улуттук курамдын коргоочусу жана капитаны Валерий Кичин Монголия менен болгон беттешке катышкан жок. Себеби ал 2019-жылы Тажикстан менен болгон оюнда 2 сары айып кагазын алып калган. Оюнда капитандык милдетти Мирлан Мурзаев аркалады.

Бул оюнда сары айып кагазын алган
Тамирлан Козубаев жана Кайрат Жыргалбек уулу Мьянма менен боло турган оюндан четтетилди. Экөө тең 2019-жылы Тажикстанга каршы оюнда эскертүү кагазын алышкан. Курама команда 11-июнда Мьянма жана 15-июнда Япония менен беттешет.

Динара Акимова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо