№967 17-23-июнь, 2021-ж.
Кыргызстандын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги өлкөнүн бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасы Казакстандын Актөбе шаарында өткөн эл аралык мелдеште 3 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль алышканын кабарлады. Мелдеш 8-13-июнь күндөрү өткөн. 1-орунга Бекзат Эргешов (46 килограмм), Алмаз Орозбеков (60 килограмм), Мухаммадазиз Закиров (70 килограмм) татыды. 2-орунду ээлгендер Ислам Имамидинов (54 килограмм), Вадим Баурин (66 килограмм), 3-орунду багындыргандар Баястан Токтосунов (50 килограмм), Бексултан Бактыбек уулу (52 килограмм), Атай Асанбеков (76 килограмм) болушту.
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |