Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТАҢ КАЛЫЧТУУ ХОББИЛЕР

№967 17-23-июнь, 2021-ж.

Аарыга “чулгануу, оронуу”

Мындай хобби Кытайдан тараган. Көбүнчө аарылардын тилин түшүнгөн балчылар алдын ала даярдануу менен чулганышат. Алар кийимине бал сүйкөшүп, аарыларды чакырышат. Аары чакпай койбойт. Чаккандагы шишикти, ооруну басаңдатуу үчүн жана аарыларды кетирүү үчүн муздак сууга түшүшөт. Алсак, миллиондон ашык аары менен чулганган кытайлык рекордчу Гао Бингону ошол кезде 2 миңдей аары чаккан.

Киндикке топтолуп калган кир, түктөрдү чогултуу

Аарчынганда сүлгүнүн, кийимдин киндикке кирип топтолуп калган түктөрүн чогултуу акылга сыйбаган, күлкү келерлик хобби. Атайын идишке салып чогултулган андай кир, түктөрдүн көлөмүн жана салмагын өлчөө менен мелдештер да өткөрүлүп турат. Мындай коллекционердин бири австралиялык китепканачы Грэм Баркер. Ал 26 жыл бою чогулткан 22,1 грамм салмактагы түктөрү менен 2010-жылы “Гиннесстин рекорддор китебине” катталган. Кийин чогулткан "коллекциясын" музейге тапшырган.

Кир унаага сүрөт тартуу

Мындай хобби менен алектенгендерге чаң унааны көргөндө эргүү келет. Анан кадимки паного тартылган сүрөттөрдөн кем калышпаган пейзаж, портрет, комикстерди тартып жиберишет. Болгону бул искусствонун аз эле убакытка сакталганы өкүнүчтүү. Мындай хобби менен алектенген техастык Скотт Уэйддин тарткан сүрөттөрү көпчүлүккө жагып, атактуулук да алып келген.

Китеп “касапчылары”

Жарабай калган китептерди кескилеп сувенир, скульптура жасаган хобби да жакынкы аралыкта эле пайда болгон. Алар бычактын түрлөрү, лезвие, пинцет сыяктуу шаймандар менен куралданып, китепти кескилеп, кайталангыс искусство жаратышат.


Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(2)
21.06.2021. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызык экен
27.06.2021. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akmanai, Тиги чанга сурот тартпай машинаны кооздоп сурот тартса очуп кетпейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо