Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЛИВИЯ ГҮЛҮ

№968 24-30-июнь, 2021-ж.

Гүлдөр тууралуу айтып жадабайбыз. Эми кливия гүлүн өстүрүп, терезеңизди кооздоңуз. Ага кантип кам көрсө болот, төмөндө сиздер үчүн кеңеш.

  • Кливия гүлү (Clivia) жапайы түрүндө Түштүк Африканын нымдуу тропик токойлорунда кездешчү көп жылдык гүл. Жалбырактары түбүнөн пияздын сабындай ичке узун болуп өсүп чыгат. Бир сабактан өсүп чыгып, башында бир нече гүлү болот. Гүлү көбүнчө сары, кызгылт сары же кызгылтым түстө болот.
  • Кливия ордунан козгой бергенди анча жактырбайт. Ошондуктан ордунан жылдыруу, топурагын алмаштыруу, которуу сыяктуу иштерди тез-тез кылууга болбойт.
  • Күндүн түз тийген нурларын жактырбайт. Бөлмөнүн чыгыш же батыш тарабында жайгашкан терезелерге коюңуз. Жылуу мезгилде сыртка жарым-жартылай көлөкө жерге койсо болот. Бөлмө температурасында жакшы өсөт. Октябрь айынан баштап +12 +15 градуска чейин, ал эми алгачкы гүлдөрү чыга баштаган мезгилде +18 +20 градус бөлмө ылайыктуу.
  • Нымды анча деле талап кылбайт. Идишинде суу топтолбошу керек. Кыш мезгилинде гүл уктап эс алат, ал учурда дээрлик сугарылбайт, кээде азыраак сугарсаңыз болот. Бутондору пайда боло баштагандан кийин гана сугарууну көбөйтөсүз. Гүлдөгөн мезгилде аралашма жер семирткичтерден курамында азоту азын топуракка айына 2 жолу чачасыз. Эгер жакшы каралган болсо жылына 2 жолу гүлдөп берет.
  • Гүл үчүн кум, жалбырактуу (листовая), чымдуу (дерновая) топурактан турган топурак аралашмасы, же болбосо кара чиринди (перегнойная), чымдуу жана чым көңдүү (торф) топурагын аралаштырып, бир аз кум кошсоңуз болот. Идиш түбүнө дренаж жасоону унутпаңыз.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо