БУГЕНВИЛЛЕЯ – КООЗ ГҮЛ

№969 1-7-июль, 2021-ж.

Өлкөдө популярдуулукка ээ болуп жаткан гүлдөрдүн бири – бугенвиллея. Бул тууралуу гүл өстүрүүчү Мерует Эргешова айтып берет.

– Бугенвиллея гүлүнүн мекени тропикалык өлкөлөр. Жапайы түрүндө да өсөт. Муну “кагаз гүлү” деп да аташат. Сорту аябай көп.

Үйдүн түштүк тарабындагы бөлмөдө күн нуру жакшы тийген терезеде жакшы өсөт. Эгер үйдүн батыш тарабындагы терезеге коюлса күн нуру жетишпей, жакшы өсө албай жүдөйт. Шамал, жел тийүүчү жерден бат өлүп калышы ыктымал. Күндү жактыргандыктан жайкысын эшикте күн нуру тийген жерге кеминде 5, 6 саат коюлат.

Өсүшү үчүн органикалык азыктар керек. Андыктан топурагынын курамына күйгөн кык же чиринди, бир аз торф, кара топурак кошуп отургузсаңыз жакшы. Эрте жаздан кеч күзгө чейин курамына калий элементи кошулган даяр аралашманы (гүлдөшүнө пайдалуу) берип туруу керек. Ал гүл дүкөндөрүндө сатылат. Эрте жазда активдүү өсүү процесси башталат, ошондуктан курамында азоту аз азыктандыруучу аралашманы берүү талапка ылайык. Эгер азотту көп берсеңиз жакшы гүлдөбөй калат. Кээде лимон кычкылы кошулган суу менен сугарып турган пайдалуу. Кышында азыктын кереги жок. Чоң, көп жылдыктарын 2-3 жылда бир которуу сунушталат.

Жайында топурагынын үстү кургаса эле сугаруу керек. Ал эми кышында аз-аздан нымдап туруу керек. Жайдын күнү эртең мененки саат 9га чейин же кечки 6дан кийин сугаруу кажет. Эгер күн катуу тийген убакта сугарса гүл стресс болуп, жүдөйт. Кышында түштө күн жакшы тийген убакта сугарылат.

Уругунан жана калемчесинен көбөйтүлөт.

Гулийпа Маметосмон кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо