ЖАШАРТУУЧУ БАДАМ СУУСУ

№969 1-7-июль, 2021-ж.

Бадамды күнүгө 10 даанадан эле жеп турса бүткүл организмдин жакшырышына өбөлгө болорун билесизби? Ошондуктан бул "керемет данекти" медицинада көп сунуштап, косметологияда кеңири колдонушат. Андыктан пайдасы аз суусундук, таттуулардын ордуна ушул азыкты колдонууну адат кылып алыңыз.

ЭМНЕЛЕРГЕ БАЙ?

  • Магний, фосфор, натрий, цинк, темирдин булагы
  • С, Е, В6 витаминдерине бай
  • Омега-3, Омега-6 май кычкылдары камтылган

КАНТИП ЖАСАЛАТ?

Бир ууч бадамды жанчып, үстүнө 250 миллилитр кайнак суу куюп 30 мүнөт коюу кажет. Андан чоң чыпкалап, сыгып алабыз. Алынган бадам суусун айнек бөтөлкөгө куюп, муздаткычка салып коюңуз. Аны бир апта сактоого болот.

ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

  • Е витаминине бай болгондуктан терини күн нурунун терс таасирлеринен коргойт. Ошондуктан бадам суусун, сүтүн күнгө күйүп калганда айыктыруу үчүн колдонушат.
  • Терини жакшы нымдаштырат, жадакалса кымбат сыворотканын ордун баса алат.
  • Безеткилерди жок кылууда жакшы жардамчы. Сезгенүүнү жана кычышууну басат.
  • Бырыштардын алдын алууда алмашылгыс азык – терини серпилгич, жылмакай кылып, клеткаларды сыркы терс таасирлерден коргойт.
  • Клеткалардагы витамин менен суу балансын калыбына келтирет.

КАНТИП КОЛДОНУУ КЕРЕК?

Эртең менен, кечинде бетти тазалагандан кийин пахтага сиңирип алып сүртүп туруңуз. Бет жуучу каражаттын ордуна да колдонсоңуз болот. Аптасына 3-4 күн колдонуу керек.

Эскертүү! Бадамга аллергиясы барларга колдонууга болбойт.

Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(1)
05.07.2021. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичсе болбойбу ошондо? Мен ичет экен деп ойлопмун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо